Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:39

Депутаттар БШКнын шайлоого даярдыгы жөнүндө маалымат берүүсүн талап кылышты


Жогорку Кееш имараты.
Жогорку Кееш имараты.

Жогорку Кеңештин 22-сентябрдагы отурумунда бир катар депутаттар Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) келерки парламенттик шайлоого карата даярдык тууралуу маалыматын угууну сунуш кылышты.

Депутаттар “бийликтин партиясына кирип алган коррупционерлер шайлоого аттанды”, “шайлоо дагы тополоңго айланганы турат”, “бир мандаттуу округдарды бөлүштүрүүдө аткаминерлердин кызыкчылыгы, кийлигишүүсү болду”, “айрым саясий күчтөр шайлоо баштала электе эле каралоого өттү”, “былтыр өткөргөн шайлоосунун жыйынтыгы жокко чыгарылгандан кийин БШКнын моралдык укугу жок” деген пикирлерин айтышты.

Шайлоого карата чет өлкөлөрдүн элчиликтери менен кандай иш жүрүп жатканы, мигранттардын шайлоо укугун камсыздоо жагы кандай болору тууралуу маалымат алуу керектигин белгилешти. БШКнын айрым мүчөлөрү азыр камакта отурганына да көңүл бурушту.

Быйыл 28-ноябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоо болот. Соңку парламенттик шайлоо Кыргызстанда 2020-жылдын 4-октябрында өткөн. Бул өнөктүк өтө ыплас өткөнүн айткан нааразылар эртеси күнү Бишкекте митинг уюштуруп, натыйжада өлкөдө бийлик алмашкан. БШК жетекчилиги айыптоолордун баарын четке кагып, шайлоонун мыйзам чегинде өтүшү үчүн бардык шартты түзүп бергенин билдирген, бирок кийин анын жыйынтыгын жокко чыгарган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG