Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:58

“Коопсуз шаар”: үч буттуу камералар “2GIS” жана “Yandex картага” киргизилет


Бишкекте жол боюна коюлган үч буттуу көчмө аппарат.
Бишкекте жол боюна коюлган үч буттуу көчмө аппарат.

Cанариптик өнүктүрүү министри Дастан Догоев “2GIS” жана “Yandex карта” мобилдик тиркемелерине “Коопсуз шаар” долбоорунун үч буттуу көчмө аппараттары кайсы жерде турганын эскертип турган функция киргизилерин билдирди. Бул тууралуу 21-сентябрда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында айтты.

“2GIS” жана “Yandex картаны” колдонсоңуз жолдун кайсы жеринде “Коопсуз шаар” долбоорунун камерасы бар экенин айтып турат. Бирок мобилдүү көчмө аппараттар тууралуу маалымат жок. Эми алар аны да киргизебиз деп жатышат”.

Парламент депутаттары “Коопсуз шаардын” камералары кайсы жерлерге орнотулганы боюнча маалымат Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын сайтына да жайгаштырылышы керектигин айтышты.

“Коопсуз шаар” долбоору Бишкекте 2019-жылы ишке кирип, көчөлөргө жол эрежесин бузган автоунааларды каттаган видеокамералар орнотулган. Долбоордун биринчи баскычын орусиялык “Вега” концерни ишке ашырды.

Камералардын көбү устундарга илинген. Алардан тышкары үч буттуу атайын жабдыктын үстүнө орнотулуучу көчмө камералар да бар. Акыркы күндөрү айрым жарандык активисттер мындай көчмө аппараттар жол боюна мыйзамсыз орнотулганын айтып, аларды алдырган окуялар болду.

“Коопсуз шаардын” экинчи этабын ишке ашырууну 2019-жылдын соңунда кытайлык Shenzhen Sunwin Intelligent Co. Ltd компаниясы утуп алган. Ишкана көчөлөргө камераларды орнотуп баштады. (BTo)

XS
SM
MD
LG