Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:06

Чек ара жаңжалына байланыштуу Лейлектин үч тургуну абакка кесилди


Лейлек райондук сотунун имараты.
Лейлек райондук сотунун имараты.

Баткендеги чек ара жаңжалына байланыштуу кармалган Лейлектин үч тургунуна сот өкүмү чыкты.

"Азаттыктын" кабарчысы жеринен билдиргендей, Акмалжон Исоев 15 жылга, Аюбжон жана Амонжон (фамилиялары азырынча "Азаттыкка" маалым эмес) аттуу айыпталуучулар сегиз жарым жылга кесилди. Алардын жакындары жогорку инстанцияга кайрыла турганын айтышты.

Куралдуу кагылышта кыргызстандыктардын үй-жайын талап-тоноого шек саналгандардын иши Баткен облусунун Лейлек райондук сотунда 21-сентябрда каралды.

15-сентябрдагы отурумда Тажикстандын эки жараны - Абдурозик Каххоров менен Аскар Юнусов өмүрүнүн аягына чейин камалган. Аларды Кыргызстандын күч органдары быйыл майда кармашкан.

Быйыл апрелдин аягындагы жана майдын башында Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара аймагындагы куралдуу жаңжалда эки тараптан ондогон жарандар каза болуп, үйлөр жана башка объектилер өрттөлгөн. Эки өлкөнүн күч органдары кылмыш иштерин ачышкан.

XS
SM
MD
LG