Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:39

Акыйкатчынын кеңсеси Сарыбаевди ачкачылыкты токтотууга чакырды


Алмаз Сарыбаев
Алмаз Сарыбаев

Акыйкатчынын кеңсеси камактагы Алмаз Сарыбаевди ачкачылыкты токтотууга чакырды. Бирок ал буга макул болгон жок.

Акыйкатчыны орун басары Альберт Колопов "Азаттыкка" билдиргендей, омбудсмен аппаратынын кызматкерлери 21-сентябрда андан кабар алып келишти. Алар Сарыбаевдин абалын орто деп баалашууда.

Бийликти күч менен басып алууга аракеттенген деген шек менен эки айга камалган Алмаз Сарыбаев 17-сентябрдан бери ачкачылык кармоону улантып жатат.

Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы Сарыбаевди 15-сентябрда кармаган. Ал Жазык кодексинин 309-беренеси ("Бийликти күч менен басып алуу") боюнча иликтөөнүн алкагында айыпталууда.

Сот анын бөгөт чарасын 16-сентябрда карап, Бишкектеги №1 тергөө абагына эки айга камоо чечимин чыгарган. Коронавирус пандемиясындагы шартка ылайык, ал эки жума шаардык ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайында болуп, анан №1 тергөө абагына которулат.

Алмаз Сарыбаев - "Толубай" банкынын директорлор кеңешинин мурдагы мүчөсү. Быйыл 10-январда өткөн президенттик шайлоодо ат салышкан ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов да бийликти басып алууга шек саналып камалган.

Асанов да, Сарыбаев да өздөрү тагылып жаткан айыптарды четке кагышкан. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG