Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:11

Канада: парламенттик шайлооодо премьер-министрдин партиясы жеңди


Жастин Трюдо. Монреаль, 21-сентябрь, 2021-жыл
Жастин Трюдо. Монреаль, 21-сентябрь, 2021-жыл

Канадада мөөнөтүнөн мурда өткөн парламенттик шайлоодо премьер-министр Жастин Трюдонун Либералдуу партиясы жеңди. 20-сентябрдагы шайлоонун алгачкы жыйынтыктарына караганда, либералдар 156 орун алышты. Абсолюттук көпчүлүк үчүн аларга 170 мандат керек болчу. Консервативдүү партия 121 мандат менен мурдагыдай эле негизги оппозициялык күч бойдон калмакчы.

Трюдо добуштардын бардыгы саналып бүтө элек болгону менен, “миллиондогон канадалык өнүгүүнүн прогрессивдүү жолун тандаганын көрүп жатабыз”, -деп айтты.

Премьер ушуну менен федералдык шайлоодо үчүнчү ирет утуп жатат. Сынчылар бул жолку өнөктүктү жок жерден убакытты жана акчаны коротуу деп сыпатташат.

Трюдонун кезексиз шайлоо өткөрүү демилгесин айрым саясатчылар көпчүлүктүн өкмөтүн куроо аракети катары баалашууда. Анын кабинети коронавирус пандемиясы менен күрөштө бир топ ийгиликке жетишип, популярдуулугу өскөн.

Пандемиянын төртүнчү толкуну каптаган маалда шайлоону өткөрүүнү сындагандар көп. Оппозиция добуш берүүгө бюджеттен 470 миллион АКШ доллары жумшалганын сынга алган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG