Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:55

Кирсан Илюмжинов “Талас облусунун ардактуу атуулу” болду


Кирсан Илюмжинов (ортодо кызыл көйнөкчөн) Таластагы сапары учурунда.
Кирсан Илюмжинов (ортодо кызыл көйнөкчөн) Таластагы сапары учурунда.

Калмак Республикасынын экс-президенти Кирсан Илюмжиновго “Талас облусунун ардактуу атуулу” наамы берилди.

20-сентябрда Таласка барган Илюмжинов президенттин облустагы өкүлү Бакытбек Нарбеков менен жолугуп, экономика, билим берүү, маданият жана спорт тармагына инвестиция салуу ниетин билдирди.

Президенттин өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы Илюмжинов ишкер катары келгенин маалымдады.

Кирсан Илюмжинов Кара-Буура районуна караштуу Бакайыр айыл аймагынын Куру-Бакайыр жайыгындагы күмүш кени жайгашкан жер менен таанышты.

Илюмжинов Орусиянын курамына кирген Калмак Республикасына төрт жолу президент болуп, 17 жыл башкарган. 1995-жылдан 2018-жылга чейин Эл аралык шахмат федерациясынын (ФИДЕ) да президенти болгон.

2015-жылы АКШнын Каржы министрлиги Илюмжиновго каршы санкция салган. Буга анын Сириянын өкмөтүнүн жана Борбордук банкынын кызыкчылыгындагы аракеттери негиз болгону айтылган. (MKt)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG