Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:29

Бишкекке расмий сапар менен Өзбекстан Cенатынын төрайымы келди


Танзила Нарбаева. "Манас" аэропорту. 2021-жылдын 21-сентябры.
Танзила Нарбаева. "Манас" аэропорту. 2021-жылдын 21-сентябры.

Бүгүн 21-сентябрда Бишкекке расмий сапар менен Өзбекстан парламентинин жогорку палатасынын төрайымы Танзила Нарбаева келди.

Сапар алкагында өзбек делегациясы Кыргызстандын жетекчилиги менен бир катар жолугушууларды өткөрөт.

Нарбаева Бишкекте ачылган кыргыз-өзбек ишкер аялдардын форумуна катышты. Бул иш-чарага Өзбекстандан келген 25 ишкер жана депутат аял да катышууда.

Өзбекстандын 250 мандаттуу парламенти (Олий Мажлис) жогорку (Сенат) жана төмөнкү (Мыйзам чыгаруу палатасы) палатадан турат. (RK)

XS
SM
MD
LG