Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:01

Казакстанда коронавирустун "нигериялык" штаммы табылды


Нур-Султан. Август, 2021-жыл. Иллюстрациялык сүрөт
Нур-Султан. Август, 2021-жыл. Иллюстрациялык сүрөт

Казакстанда коронавирус инфекциясынын «Эта» штаммы табылды. Бул тууралуу 21-сентябрда саламаттык сактоо министри Алексей Цой «Фейсбуктагы» баракчасына жазды. Бул штаммды кээде «нигериялык» деп да атап жүрүшөт.

Министр июль-август айларында ооруп калган бейтаптардын анализдери изилденгенде, 5,2% вирустун негириялык түрү аныкталганын маалымдады.

Цойдун айтымында, бул штамм Караганды, Павлодар, Маңгыстау облустарында жана башкалаада бар болуп чыкты.

«Эта» штаммы былтыр декабрда адегенде Нигерия жана Британияда аныкталган. Казак министринин айтымында, вирустун клиникалык белгилери «альфа» жана «бетаныкына» окшоп кетет. Башкача айтканда, аны жугузуп алган адамдын дене табы көтөрүлүп, жөтөл пайда болот, жыт жана даам сезүү жоголот.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG