Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Октябрь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 17:19

Сот жоопкерчилигин кароо жобосу сынга кабылды


Иллюстрациялык сүрөт.

Соттор кеңеши Судьялардын макамы жөнүндө конституциялык мыйзам күчүн жоготпогонун белгилеп, жобо анын негизинде кабыл алынганын билдирүүдө. Айрым эксперттер чыгарган чечими үчүн сотторду жоопкерчиликке тартуу - дүйнөлүк тажрыйбада жоктугун белгилеп, Соттор кеңешине мындай укукка ээ болууга жол бербөө зарылдыгын айтып жатышат.

Саясий чечим үчүн куугунтук

Соттордун жоопкерчилигин кароо тартиби тууралуу убактылуу жобо Судьялар кеңеши тарабынан 16-августта кабыл алынган. Андан бери бул жобо менен бир катар соттордун жоопкерчилиги каралганы кабарланууда.

Конституциялык палатанын мурдагы мүчөсү, "Реформа" партиясынын лидери Клара Сооронкулова соттордун жоопкерчилиги тууралуу убактылуу жобонун мыйзамсыз экенин айтып чыкты. Сооронкулова бул кадам менен соттордун көз карандысыздыгына сокку урулуп жатат деп эсептейт.

"Жаңы кабыл алынган Баш мыйзамда соттордун жоопкерчилиги Конституциялык мыйзам менен жөнгө салынары так жазылып турат. Бирок бизде соттордун макамы тууралуу мыйзам жок, жазыла элек. Булар ошол мыйзамды күтпөй эле, убактылуу жоболорду кабыл алып, бир топ судьялардын жоопкерчилигин кароого камынып жатат. Бул соттордун көз карандысыздыгына чоң сокку урат".

Сооронкулова Соттор кеңешинин мындай жобо чыгарууга укугу жок деп белгиледи.

Быйыл 5-майда президент Садыр Жапаров кол койгон Баш мыйзамдын 103-беренесине ылайык, судьяларды тартип жоопкерчилигине тартуу маселесин Соттор кеңеши карайт. Жаңы мыйзамдар боюнча Сотторду тандоо кеңеши Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеш деп өзгөртүлүп, мурда 9 мүчө болсо, азыр 12 мүчөгө ээ. Анын төрагасы жана сегиз мүчөсү соттордон куралат.

Соттор кеңеши убактылуу жобосу тууралуу түшүндүрмө берип, Судьялардын макамы жөнүндө конституциялык мыйзамдын алкагында кабыл алынган жобо жаңы Баш мыйзамга каршы келбесин билдирди. Соттор кеңешинин басма сөз катчысы Назира Сагыналиева убактылуу жобонун кабыл алынышына судьялардан жана жарандардан келип түшкөн суроо-талаптар да негиз болгонун "Азаттыкка" билдирди:

"Конституцияга ылайык өткөөл мезгилде сот тутуму жарандардын, юридикалык жана башка органдардын судьялардын иши боюнча арыз-доомат, сунуштарды кароо укугун камсыз кылууга милдеттүү. Ушундан улам Соттор кеңеши судьялардын үстүнөн түшкөн арыздарды карай баштады. Судьялардын макамы тууралуу мыйзам күчүн жоготкон жок, демек, судьялардын жоопкерчилигин кароо да Баш мыйзамга каршы келбейт".

Маалыматка ылайык, Соттор кеңеши өз ишинде Кыргызстандын сотторунун кезексиз курултайы бекиткен регламент менен иштейт. Бул регламент кеңешке ички жоболорду кабыл алууга, өзгөртүүгө мүмкүндүк берет. Мурдагы Конституцияга ылайык, соттордун жоопкерчилиги Тартип комиссиясында каралып келген.

"Сот чечими жогорку сот бутагында гана каралууга тийиш"

Укук коргоочу Азиза Абдирасулова соттордун көз карандысыздыгын камсыздоо үчүн судьялардын жоопкерчилиги - алардын чыгарган чечим, өкүмдөрүнө байланыштуу каралбашы керек деп эсептейт.

"Кылмыш, жарандык же административдик ишти караган судья ошол ишти карап, чыгарган чечими үчүн эч качан жоопко тартылбашы керек. Бул боюнча мыйзам да жазылбашы керек. Ошол судьяга ушул ишти карасын деп ишеним көрсөтүлүп иш берилдиби, демек анын чыгарган чечими андан жогорку инстанцияга даттанууга жатат. Соттун чечимине канааттанбаган тарап, жогорку инстанцияга кайрылууга укуктуу. Соттор кеңеши судьялардын жоопкерчилигин карабаш керек. Алар дагы «жогорку сот бутактарына кайрылгыла» деп айтышы керек. Соттор кеңешинин андай укугу болбоого тийиш".

Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаев учурунда "Өлкөдө элдин 80% сотторго ишенбейт" деп айтканы бар. Андан кийинки 20 жылдан ашуун убакыттан бери улам бир саясий чыңалуу, бийлик алмашуусун башынан өткөрүп жаткан Кыргызстанда сот органына карата нааразылык азайган жок.

Улам бийлик алмашкан сайын сот системасын реформалоо маселеси көтөрүлөт. Тандоо аркылуу, шайлоо аркылуу соттор кызматка коюлуп келди. Иш жүзүндө система өзгөрүүсүз калып, элдин ишеничи арбып кетпегенин эксперттер айтып келет. Анын ичинде оппозиция өкүлдөрү соттордун колу менен камалып, куугунтукталган учурлар токтой элек. Азыркы президент Садыр Жапаров да сот реформасын ишке ашырууну убада кылган. Ал президенттикке чейин бир нече жыл сот адилетсиздигинин запкысын чеккенин айтып, бул тармакта өзгөрүүлөр болоруна басым жасаган.

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери боюнча комитетинин мүчөсү Аалы Карашев реформалардын натыйжасыз калышына - буйрук аткарган соттордун жазасыз калып жатышы себеп деген пикирин айтты.

Жогорку Кеңештин депутаты Аалы Карашев
Жогорку Кеңештин депутаты Аалы Карашев

"Сот реформасы, алардын көз карандысыздыгы болушу керек деп эле келе жатабыз. Бирок азырынча оң жыйынтык жок. Менимче, саясий буйрук аткарып, саясий чечим чыгарган сотторду жана башка укук коргоо кызматкерлеринин баарын жазалоо керек. Бул башкаларына сабак болот эле. Ошондо башкалары да мыйзамдан тыш чечим чыгарууда ойлонуп калышмак. Аларды улам кийинки келген бийлик мурдагы чечими үчүн куугунтуктабай, көз карандысыздыгы да камсыздалат".

Сот системасын жаңы Конституцияга шайкеш келтирүү үчүн беш жаңы мыйзам сунушталган. Алар:

  • “Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө”;
  • “Судьялардын макамы жөнүндө”;
  • “Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеш жөнүндө”;
  • “Жогорку Сот жана жергиликтүү соттор жөнүндө”;
  • “Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзам долбоорлору.


Парламент бул мыйзамдарды 15-июлда карап, 1-окуудан кабыл алган.

Жаңы бийликтин тушунда Жогорку соттун мурдагы төрайымы Гүлбара Калиева баш болгон бир нече сотко кылмыш иши козголуп, айрымдары камакка алынган. Калиева коюлган айыптарды “негизсиз” деп баалап, өзүнө карата саясий куугунтук жүрүп жатканын билдирген.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG