Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:54

ЕБ Австралия менен талашта Францияга тилектештигин билдирди 


Еврошаркеттин тышкы саясатынын жетекчиси Йозеп Боррелл. Нью-Йорк, 2-сентябрь 2021-жыл
Еврошаркеттин тышкы саясатынын жетекчиси Йозеп Боррелл. Нью-Йорк, 2-сентябрь 2021-жыл

Евробиримдиктин тышкы иштер министрлери Франция менен Австралиянын суу астында сүзүүчү кемелердин айынан келип чыккан талашында Парижге тилектештигин билдиршти. Расмий Канберра Париж менен түзүлгөн келишимден баш тартып, АКШ жана Британияда өндүрүлгөн суу астында сүзүүчү атомдук кемелерди алууну чечкен. Еврошаркеттин тышкы саясатынын жетекчиси Йозеп Боррелл БУУнун Башкы ассамблеясына катышуу үчүн Нью-Йоркко барган министрлер менен жолугушуудан кийин Австралиянын кадамы “Инд-Тынч океан аймагында биримдик менен тыгыз кызматташуу чакырыктарына каршы келерин” белгиледи.

Мунун алдында франциялык жогорку даражалуу дипломат ошол эле Нью-Йоркто австралиялык кесиптеши менен жолугушуудан баш тартканын билдирген. Анын айтымында, 40 миллиард долларлык келишим үзүлгөндөн кийин ортодогу “ишеним да жок болду”. Француз тышкы иштер министри Жан-Ив Ле Дриан брифингде АКШ, Британия жана Австралиянын келишими анын өлкөсүн дендароо абалда калтырганын кайталады. Министр Вашингтон европалык мамлекеттердин фундаменталдуу кызыкчылыктарын эстен чыгарбоого , “Европа өлкөлөрү да Кошмо Штаттар тандаган стратегиядан четте калбоого тийиш” деп белгиледи.

Ал эми Вашингтон, Лондон жана Канберра дипломатиялык кризис Париж менен узак мөөнөттүү мамилелерге таасир этпейт деп ишенишет.

15-сентябрда АКШ, Британия жана Австралия AUKUS деп аталган альянс түзүшкөн. Коопсуздук тармагындагы өнөктөштүктүн алкагында Австралия суу астында сүзүүчү атомдук кемелер менен камсыздалмакчы. Андан тышкары жасалма интеллект, кибер мейкиндик жана башка тармактарда кызматташуу каралган.

Инд-Тынч океан аймагын камтыган мындай макулдашууну Кытай кескин сынга алды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG