Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Сентябрь, 2022 шейшемби, Бишкек убактысы 00:21

Хемингуэй менен Фицджеральдды дүйнөгө ачкан адам


Эрнест Хемингуэй.

Эгер тагдыр дүйнөлүк адабият менен маданиятка опол тоодой салым кошкон америкалык улуу жазуучулар Эрнест Хемингуэй, Скотт Фицджеральд жана Томас Вульфка залкар редактор Макс Перкинсти жолуктурбаганда, бүгүн биз "Чал жана деңиз", "Кош бол, курал", "Мухиттеги аралдар", "Бейиштин бери жагында", "Улуу Гетсби", "Өз үйүңө кара, периште", "Убакыт жөнүндө жана дарыя тууралуу" ж.б. керемет чыгармаларды окубай калмакпыз.

Балким, дээринен өжөр, кайратман, сөздүн генийи дегидей тубаса талант жана Гете өңдүү турмушка да бүйрө Хемингуэй кандай жагдай-шарт болсо да суурулуп чыкмак. Ал эми ашкере сезимтал, кыялкеч, тиричиликке байымы жок Скотт Фицджеральд менен алабарман, кайсар, кээде жаш бала сыяктуу аталык камкордукка, жөлөп-таяганга муктаж Томас Вульф Макс Перкинссиз жазуучу боло алмак эмес.

Жаш талапкерлерге арналган "Аңгеме жазуу өнөрү" атуу жалгыз эмгегинен башка өзү эч нерсе жазбаганы менен, америкалык бир тууган Скрайбнерлерге таандык "Скрайбнерс" басмаканасынын редактору Максвелл Перкинстин өзгөчө туюму, кудум Толубай сынчы сыяктуу болочоктогу улуу жазуучуларда бөгүп жаткан айныксыз талантты алдын ала даана көрө билгендиги таң калтырбай койбойт.

Мүмкүн, өзү жазуучу аталбаганы менен, авторлорго чыгарма кандай жазганда мыкты чыгары, кайсы жерин өзгөртүш керектиги, кандай алымча-кошумча талап кылынары тууралуу кеңеш бергени, т.а. көп учурда жазуучунун жазылып жаткан чыгармасын өзүнөн да жакшы билип, туура нукка багыттаганы анын жөнөкөй адам эмес экендигинен кабарлайт. Бул мааниден алганда, ал устаттын устаты болгондугу шексиз.

Кыраакы зергер сындуу Перкинс

Али аты-жыты анча белгисиз, кийин өздөрүн "жоголгон муун" деп атаган Скотт Фицджеральд, Эрнест Хемингуэй, Томас Вульф жана башка ондогон чыгармачыл жаштардын Макс Перкинске жолукканы чоң ыкыбал болуптур. Деңиз жээгиндеги кумда катылып жаткан алтынды дароо байкаган кыраакы зергер сындуу, Перкинс алардын көзүндөгү учкунду, көкүрөк-көөдөнүндөгү отту жаземдебей байкаптыр.

Скотт Фицджеральд.
Скотт Фицджеральд.

Күндөрдүн биринде дем-дымагы, максат-мүдөөсү чоң болгону менен, жазган-сызгандарын эч ким кабыл албай, турмуштан жолу болбой сандалып жүргөн Скотт Фицджеральддын "Романтикалык өзүмчүл" деп аталган алгачкы ири кол жазмасы Перкинстин колуна тийип калат. Көп жери чийки, көркөмдүк курулушу анча бышып жетилбеген, логикалык жактан да ыраатсыз бул романды басмаканалар буга чейин эки жолу кайтарып беришкен болучу. Ошондуктан Фицджеральд жазуучулуктан көңүлү кайт болуп, баарына кол шилтегиси келип жүргөн. Бирок Макс Перкинс бул кол жазмада чоң данек бар экендигин дароо байкайт да, али өзүнө белгисиз авторго эгер романдын стилин өзгөртүп, башкача нукта иштеп чыкса, мыкты чыгарма болорун айтат.

Америкадагы ири басмаканалардын бири "Скрайбнерстин" атактуу редакторунун пикири Фицджеральдга канат бүтүрөт, анда кайрадан үмүт оту жанып, зор эргүү менен чыгармачылыкка киришет. Анүстүнө ал ошол мезгилде болочоктогу жубайы Зельда Сойерге ашык болуп калган эле.

Жаш офицер, лейтенант Фицджеральдды эгер таптап, туура жол көрсөтсө атактуу жазуучу чыгарына ишенген Макс Перкинс аны менен кат жазышып, баалуу кеп-кеңешин тынбай айтып турат. Көп өтпөй жаш жазуучунун "Бейиштин бери жагында" (негизги өзөгүн "Романтикалык өзүмчүл" романы түзгөн) деген дебюттук романы жарык көрөт. Ал басмадан чыгар замат сынчылардын да, окурмандардын да купулуна толуп, заматта бестселлерге айланат. Ошол мезгилден баштап эки таланттын түбөлүк достугу башталат.

Скотт Фицджеральдга дүйнөлүк атак-даңк алып келген "Улуу Гетсби" романынын жазылышына да Макс Перкинс түздөн-түз себепчи болот. Аны жалындуу сөздөрү менен улам шыктандырып, улам дем-кубат берип, атүгүл материалдык жактан да колдоп турат.

Текст жазууда Фицджеральд кадиксиз перфекционист эле, анын кынтыксыз түзүлгөн сүйлөмдөрүнөн, жалпы эле текстинен өөн табуу мүмкүн эмес болучу. Ошондуктан "Улуу Гетсбинин" кол жазмасы Перкинсти катуу толкундантат, ал аны таң калып да, тамшанып да бир дем менен окуп чыгат. Америка адабиятында улуу чыгарма жаралганына кубануу менен күбө болот.

Бирок ашкере акылгөй, кыраакы редактор өз туюмунда бул чыгарманы дагы да кемелине келтире иштеп чыгыш керектигине ынанат. Алгач авторго романдын аталышын (биринчиси "Таштанды үйүндүлөрү менен миллионерлер арасында" деп аталган) өзгөртүү керектиги тууралуу сунушун айтат. Кийин башкы каарман Гетсбинин бейнеси кайсы бир даражада бүдөмүк бойдон калгандыгын, аны дагы да дааналап ачыш зарылдыгын кылдат туюндурат.

Скотт Фицджеральд бир чети устаты, бир чети рухий жактан тилектеш досунун айткандарын эске алып, романдын айрым бөлүктөрүн кайра иштеп чыгат. Жыйынтыгында эч бир ашык-кеми жок дегидей, төгөрөгү төп келишкен чыгарма жаралат.

Макс Перкинстин өмүрүнүн негизги максаты жаш таланттарды таап, алардын дареметин ойготуу, шык-жөндөмүн ачуу болгон экен. Ошол мезгилде Францияда жашап, Париждеги басылмалар үчүн чакан аңгемелерин жаңыдан жаза баштаган Эрнест Хемингуэйди Перкинс менен Фицджеральд тааныштырат. Алгач аңгемелер топтомун, кийин жазуучунун "Күн дагы чыга берет" ("Фиеста") романынын кол жазмасын окуган Макс Перкинс америка адабиятына өзүнө чейинкилердин эч кимисине окшобогон кайталангыс зор талант келип кошулгандыгын туят. Жазуучунун көп маанилүү, сыйымдуу, "айсберг" стили чыгаан редактордун дароо көңүлүн бурат.

Бирок "Скрайбнерс" басмаканасынын ээлери бейтааныш жаш жазуучунун жаңы романын жарыялагысы келбейт. Чыгармадагы айрым орой көрүнгөн, сөгүнгөн сөздөр көлөмдүү романдардагы сыпайы тексттерге көнүп калган эски көз караштагы кишилердин куйкасын куруштурат. Романдын чыныгы баасын түшүнгөн Перкинс өз дегенинен кайтпай, эгер чыгарма чыкпай калчу болсо, кызматтан кетерин айтат. Ошентип, Скрайбнерлер китепти басууга мажбур болушат. Анткен менен жаңы роман чыныгы нарк-баасын алганга чейин жеменин баарын Перкинс угуп, тепкиге калат.

Романдан кыскарган 90 миң сөз

Макс Перкинстин жардамы, аталык камкордугу менен көрүнүктүү сүрөткерге айланган дагы бир жазуучу - Томас Вульф.

Фицджеральд менен Хемингуэйден айырмаланып, Томас Вульф ашкере көп сөздүүлүктү жактырчу экен. Макс Перкинс анын көркөм табитин тарбиялап, көлөмү ашыкча чоң, чубалжыган, окуганга да оор келкилерин кыскартууга көндүрөт. Анын сунушу менен жазуучу "Өз үйүңө кара, периште" деген тунгуч романынын 90 000 сөзүн кыскартат.

Кол жазмасын жашиктерге толтуруп, үч алибеттүү жигитке басмаканага көтөртүп кирген "Убакыт жөнүндө жана дарыя тууралуу" кийинки романын нукура чыгарма болгудай абалга келтирүү максатында редактор жазуучу менен эки жыл таймашат. Ар бир сөз, сүйлөмү ордунда калыш үчүн тырышкан авторду Макс Перкинс кепке келтирип, көлөмү "Согуш жана тынчтыктан" да ири кол жазманы экөө эки жыл дегенде араң редакциялап бүтөт.

Бирок көп өтпөй "Томас Вульфту Макс Перкинс жазуучу кылды" деген ушактарга ууккан калемгер атактуу редактордон кол үзөт. Томас Вульф 38 жашында оорудан көз жумат.

Достун пири

Жогоруда биз сөз кылган белгилүү жазуучулардан тышкары Макс Перкинс Ринг Ларднер, Жон Маркванд, Эрскин Колдуэлл, Мажори Ролингс, Жеймс Жонс өңдүү жазуучулардын кол жазмаларын редакциялаган.

Макс Перкинс ашкере шык-жөндөмдүү, дасык адис гана эмес, адамкерчилиги бийик, айкөл инсан да болгон экен. Чыныгы достуктун үлгүсүн ошол киши көрсөтүптүр. Бекеринен аны курбулары достун пири же достун генийи деп атабаган тура.

Ал дайыма жаш таланттардын таламын талашып, мүмкүнчүлүккө жараша аларга каржылык жактан колдоо көрсөтүп да турган. Маселен, Скотт Фицджеральд жаңы романын жазууга кирише албай, чыгармачылык кризиске кабылып, чүнчүп, чөгүп жүргөн учурларда чыныгы дос, жакын санаалаш адам катары ага ар тараптуу жардам берет. Жазуучунун жан абалын түшүнүп, ага өзүнүн дагы бир калемдеш досу Ван Вик Брукстун "Марк Твендин азаптуу сыноосу" деген китебин жөнөтөт.

Негизи ал жаш жазуучуларга өзү окуш зарыл деп эсептеген мыкты китептерди байма-бай жиберип турган. Ар бир авторго Лев Толстойдун "Согуш жана тынчтык" роман-эпопеясын белекке берген жана өзү бул чыгарманы кудум ыйык китеп сыяктуу кастарлап окуган. "Согуш жана тынчтык" Макс Перкинстин өмүр бою кайталап окуй турган китеби болгон.

Өзү китеп жазбаса да, канча жазуучулардын багын ачып, редакторлук өнөрү менен тарыхта калган Макс Перкинс 1947-жылы 62 жашында өпкө илдетинен каза болгон.

Улуу жазуучу Эрнест Хемингуэй өзүнүн Нобель сыйлыгына арзыган "Чал жана деңиз" повестин редактор досунун жаркын элесине арнаган. Ал эми америкалык биограф жана журналист Эндрю Скотт Берг Макс Перкинс тууралуу "Гений. Дүйнөгө Хемингуэй менен Фицджеральдды ачкан адамдын тарыхы" деген чоң көлөмдөгү көркөм-публицисттик китеп жазган. Ушул китептин негизинде 2016-жылы британиялык режиссёр Майкл Грандаж "Гений" атуу көркөм тасма тарткан.

Аким Кожоев

P.S. Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG