Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 08:34

Мухтар Шаханов – казак, кыргыздын баатыры


Мухтар Шаханов (солдо), Чыңгыз Айтматов (оңдо) жана профессор Илзе Циртаутас. “Ысык-Көл шеринеси”, Кыргызстан. 18.7.1997.

Бүтүндөй тарыхты жараткан инсандар болот, жалпы адамзаттын, улуттун, элдин аң-сезимин ойготуп, акыл-эсинде революция жасаган адамдар болот.

Пайгамбарларды айтпаганда да, Бруно, Галилео Галилей, Эйнштейн, Ницше, Махатма Ганди, Лев Толстой, Абай ж.б. ошондой инсандардан болгон. Ал эми 20-кылымдын соңунда постсоветтик мейкиндикте улуттук ар-намыстын ойгонушуна Чыңгыз Айтматовдон кем эмес салым кошкон Мухтар Шаханов болду. Балким, таланты, шык-жөндөмү жагынан бул экөөнүн деңгээли бирдей эместир, бирок батылдыгы, хандан бектен кайтпаган ашкере эр жүрөктүгү, кара кылды как жарган калыстыгы жагынан Мухтар Шаханов Айтматовдон ашса ашып түшөт, асты андан кем калбайт.

"Платон менин досум, бирок калыстык мен үчүн баарынан кымбат", – деп, Аристотель айтмакчы, тил маселесинде Мухтар Шахановдун казактын дагы бир кеменгери, улуттун сыймыгы Мухтар Авезовду (орустарды туурап, тилибизди бузуп аличе чейин «Ауэзов» деп жазып келебиз) да аябай, өз убагында унчукпай койгондугу үчүн кескин сындаганы мени катуу таң калтырды. Демек, залкар акын Мухтар Шахановдун бу дүйнөдө пир туткан нерсеси бирөө гана – ал чындык, ал калыстык, ал адилеттик. Ал өмүр бою ушул принцибинен жазбай келди, өмүрү устаранын мизинде тургандай опурталдуу учурларда да туура сөзгө чыккынчылык кылбады. Негизи акын акыйкатты айтпаса, чындыкты ырдабаса, анын акындыгы кайсы да, адамдыгы кайсы!

Албетте, кыргыздын кеменгери Ч. Айтматов менен казактын залкар акыны М. Шахановдун достугу - өзүнчө тарых да, өзүнчө тагдыр. Бир жолку жолугушууда Чыңгыз Айтматов: «Улуу нерселерди түшүнүш үчүн улуу маданият», - керек деген эле. Айтматовду Айтматовдун деңгээлинде түшүнүш үчүн, Айтматовго Айтматовдой дос, сырдаш, тилектеш болуш үчүн Шахановдой акыл-парасаты зирек, ой-дүйнөсү бийик, абийири таза инсан керек болчу. Кыргыз менен казактын багына жаралган бул эки дос бири-бирине шайкеш, илимдин тили менен айтканда, конгениалдуу инсандар эле.

Дүйнөлүк маданиятка орошон салым кошкон улуу жазуучубуз Ч.Айтматовдун көркөм дөөлөттөрүн, М.Шахановдун канаттуу поэзиясын айтпаганда да, аталган эки көсөм сүйлөгөн сөздөрү, маектери, публицистик макалалары аркылуу академиктер Андрей Сахаров, Дмитрий Лихачев ж.б. менен бир катарда тоталитаризмдин капасында тумчуккан улуттар менен элдерге эркиндиктин желаргысын тартуулашты. Миллиондорду оор уйкудан ойготуп, жетимиш жыл аралыгында унутула жаздаган жеке адамдын кадыр-баркы, ар-намысы, эркиндиги, ишеними тууралуу түшүнүктөрдү элдин эсине салды. Жоголуп бараткан улуттук маданият, каада-салт, жөрөлгөлөрдүн зарылдыгы жөнүндө катуу кабатыр болуп коңгуроо кагышты. Кыйын кезеңде мүңкүрөп турган элге дем берип, келечекке шыктандырып, үмүттүн отун жагышты. Бул жаатта алар адамзатка кадимки апостолдордой эле кызмат кылышты десем апырткандык болбос.

«Желтоксан трагедиясы» деп аталып, казак элинин тарыхында кара так катары жазылып калган ошол каргашалуу күн тууралуу убагында эч ким батынып сөз айта алган эмес. Ал эми Москва баш болуп расмий бийлик күнөөнүн баарын казак жаштарына жүктөп, казактарды бузуку, чагымчыл, улутчул катары айыптап, чындыкты жаап-жашырууга, бурмалоого жан үрөгөн. Мына ошондо жалгыз гана Мухтар Шаханов өмүрүн, тагдырып тобокелге салып баарын ачык айтып чыккан. (Жетимиш жыл аралыгында эч күнөөсүз миллиондогон кишилерди оп тарткан мамлекеттик машине бир түндө аны да жок кылып ийиши толук мүмкүн эле). Болгондо да КПССтин курултайында, бүт совет элинин көзүнчө бийликтин калпын ашкерелеп, анын шермендесин чыгарган. Ал учурда бул такыр мүмкүн эмес эле. Мындай кадамга чанда бирөө гана, Бруно сыяктуу өз чындыгы үчүн башын канжыгага байлагандар гана барат болучу.

Казак элинин азаттыгы үчүн көтөрүлүп, эркиндикти самаган миңдеген жаштардын толкуну кандуу режим тарабынан мыкаачылык менен басылган. Жүздөгөн жаштар бейкүнөө атылган. Ал эми дээринен мекенчил, өз улуту, эли үчүн ар дайым жанын саюуга даяр турган Мухтар Шаханов муну жалпы казак элинин трагедиясы катары кабыл алган. Курултайда бул тууралуу ооз аччу болсо трибунага жолотпой коюшарын билген даанышман акын минбарга такыр башка маселе жөнүндө кеп кылам деп чыккан. Бийликтин көзүн ошентип жазгырып, чындыкты шардана кылган.

1986-жылдын 17-18-декабрындагы Алматыдагы жаштардын көтөрүлүшү совет өлкөсүнүн курамындагы 15 республиканын өз эркиндиги, көз каранды эместиги үчүн күрөшүнө жол ачса, Мухтар Шахановдун курултайдагы сөзү курултайдын ишин таптакыр бөлөк нукка бурган. «Ушинтип айтса, ушинтип сүйлөсө болот экен» деп, бөлөк улуттар менен элдердин өкүлдөрү да өз көкүрөк-көөдөндөрүндө кайнаган арыз-арманын, буга чейин тыюу салынып келген орчундуу маселелер тууралуу ачык кеп кыла баштаган. Ошентип, казактын сыймыктуу уулу Мухтар Шаханов ошондо өзүнүн ашкере батыл кадамы, эч кимдин түшүнө кирбеген чечкиндүү аракети менен жалпы элдин аң-сезиминде бурулуш жасады деп айтсак болот.

Эгемендикке жетишкен кайсы бир жылы Чыңгыз Айтматов, Мухтар Шаханов болуп Казакстанга барып калат. Казак эли эки кадырман досту дүркүрөтө кол чаап, «Айтматов!», «Шаханов!» деп кыйкырып, «Манастап!», «Алпамыштап!» ураан чакыргандай ураан чакырып тосуп алат. Мүлдө элдин эки чыгаанга мындай чексиз урмат-сыйын көрүп, ичи тарыган карасанатай бийлик чагым уюштурат.

Эл арасында тараган «Айтматов Кыргызстанга, Шаханов Казакстанга президент болот экен» деген имиш-имишке ишенип алган расмийлер алардын таасиринен катуу чочулап, ар кандай арам ишке баргандан кайра тартпаптыр. Ошондо кара күчтүн кулуна айланган кимдир-бирөөлөрдү жалдап, тополоң чыгарып, эки доско осол мамиле кылышкан экен. Бийликтин желдеттеринин бири Айтматовду нукуп, атүгүл көкүрөккө түртүп да жибергенде, залкар жазуучу кулап түшө жаздаптыр... Бул окуяны Мухтар ага Бишкекке келип, өзү катышкан мааракеде эскерген болчу.

Мен Шахановду ашкере сыйлаганымдын дагы бир себеби ал эч качан, эч бир бийликке жүгүнбөдү, эч бир бийликке көшөкөрлөнүп, кошоматка кой сойбоду. Өз принцибинен тайып, өз чындыгынан жазып, конформисттик кылбады. Качан болсо акыйкатты айтып, акыйкатты жазып, анын ыйман кредосу чындык болду. Анан ушундай инсанды баатыр дебегенде кимди баатыр дейбиз, ушундай керемет адамды үлгү, өрнөк тутпай, кимди өрнөк тутабыз?

Шаханов: Айтматовдун көзү өткөндөн бери өзүмдү жалгыз сезем
please wait

No media source currently available

0:00 0:07:57 0:00

Орус эли академик Дмитрий Лихачевду көзүнүн тирүүсүндө эле өзгөчө бир бийик сезим менен «доорубуздун абийири, ар-намысы» деп атап, катуу сыймыктанар эле. Учурдагы биздин, кыргыз, казактардын эле эмес, жалпы түрк дүйнөсүнүн пир тутар адамы, түрк ааламынын патриархы - албетте, Мухтар Шаханов. Биз үчүн Мухтар Шаханов – Айтматовдон кийинки рухий тирек-таянычыбыз, арка-белибиз, огожо кылар опол тоодой карааныбыз. Быйыл сексендин сересине чыгып калган сыйлуу авабызды достуктун, чындыктын, баатырдыктын символу катары көп-көп жашаңыз демекчибиз.

Аким Кожоев, жазуучу

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG