Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2021 жума, Бишкек убактысы 13:10

Канча дарыгер болсо ошончо диагноз


Иллюстрациялык сүрөт.

Биздин медицинанын эң бир талылуу жери ооругандардын дартына туура диагноз коюу менен дарылоо - абдан чоң маселе экендигин өз башымдан өткөрдүм. Эмесе, кеп башынан болсун.

Быйылкы жылдын башынан тарта оң колумдун ийин жагы ооруй баштады. “Чычкан куйругун көрүп аксайт” болбоюнчу деп, ооруга маани берген жокмун. Жазында оору күчөгөндөн күчөп, оң колумду көтөрө албай калдым. Ошондо биринчи жолу жашаган жер боюнча бейтапканага барып, невропатологго көрүндүм. Жашамал дарыгер ай-буйга келбей, жакшы текшербей туруп дароо “плексит” деген диагноз коюп, бир топ дарыларды жазып берди. Дарыларды толук ичип, эки ийнени алып бүттүм. Колдун оорусу басайган жок, эми башка арга издей баштадым.

Бир кошуна эже дагы жаңы эле меникине окшош дарт менен ооруп айыгыптыр. Ошол эже борбордогу бир жеке менчик клиникага өзү барып дарыланган невропатологунун дарегин берди. Анын кабыл алуусуна телефон аркылуу катталсам, бир жума күтүш керек экен. Бир жумадан кийин барсам, “ийиндеги муундарга суук тийген” деп диагноз коюп, массаж, мануалдык терапия жасап дарылай баштады. Акчасын төлөп бир курс алдым, оору бир аз эле басайганы болбосо, колум мурдагыдай эле кала берди. “Оору басылбай жатат” десем, “ошентип атып жакшы болуп кетет” деп койду. Эми колумду артка көтөрө албай калдым. Кийим кийүү кыйын болуп калды, жан кыйналганды айтпай эле коеюн, түнкүсүн тынч уктай албай калдым.

Дагы бир тааныштар аркылуу массаж жасап айыктырып жүргөн невропатолог табылды. Ал “нервдериңиз басырылып калган” деп диагноз койду. Спорттук массаж жасай баштады эле, чындап бир аз жакшы болуп калдым. Массаж бүткөн соң Жети-Өгүздөгү санаторийде да дарыландым. Бир аз оңолуп калып эле оору эми кайра күчөй баштады.

Бая өзүбүздүн бейтапканадагы невропатологго кайра жолугуп, магниттик резонанстык томографияга (МРТ) түшүүгө багыттама жаздырып алдым. Жеке менчик клиникага МРТ өтүүгө келсем, ошол жерде неврологиялык борбор деп жазылып турган экен, неси болсо да эми ушуларга бир кирип көрөйүн дедим.

Дарылануу бир кыйла кымбат экенине карабай, мамлекеттик бейтапканалардын ичиндегидей эле бул жерде да ооруп, кезек күткөндөр абдан көп. Бир невропатологго жазылсам, ал бир жумадан кийин гана кабыл алат экен. Ошентип бир жумадан кийин ага көрүндүм. Баарын шашпай сурап, текшерип анан дагы бир башка менчик клиникадан колду атайын аппараттан текшерилип келүүгө жиберди. Ал жерге келсем, мени текшере турган дарыгерге кезекке тургандардын саны бир жума мурда толуптур. Чыдаган жаным аягына чейин барайын деп, бир жума күттүм.

Күткөн дарыгер бир жумадан кийин колумду жарым саат аппараттан текшерип, кагазын жазып берди. Аны алып, мени жиберген невропатологго келдим. Ал кагазды окуп туруп, “Оң жактагы ийин-далынын периартрозу” деген диагноз койду. Бир топ ичип, сайдыра турган дарыларды, физиодарыланууларды жазды.

Адам деген ушундай болот экен, ар кайсыны ойлоп жатып эми шек пайда болду, бул мен көрүнгөн төртүнчү невропатолог болсо, мунун диагнозу туура деген кепилдикти ким берет? Эмнеси болсо да ушул дарттын аягына жетким келди.

Республикалык оорукананын экинчи неврология бөлүмүнүн башчысы, айтылуу профессор невропатологго келдим. Ал менин кагазымды карап да койгон жок, “колуң көтөрүлбөй жатабы, демек сеники грыжа. Мобул жакка барып мойнуңду МРТга тарттырып кел, анан дарылайм” деди. Дендароо болуп турдум да, биротоло аягына чейин барайын деп, андан ары кеттим.

Дагы бир мыкты невропатолог катары белгилүү ушул эле оорукананын үчүнчү неврология бөлүмүнүн башчысын да эки саат күтүп отуруп, ага да кирдим. Ал дагы диагнозду бир карады, бирок окуган жок. “Мага сендей колу көтөрүлбөй ооругандар күндө ондон келишет. Менин өзүмдүн клиникам бар, ошого барып момундай дарылансаң, айыгып кетесиң, кечикпей ылдам бар” деп мага дарылануу тууралуу жазып берди. “Тиги кагаздагы диагнозду бир окуп көрбөйсүзбү? Же диагноз туура эмес бекен? Сиз мени көрүп жаткан алтынчы невропатологсуз” деп кайра-кайра айтсам да унчукпай жазып отура берди. “Буга пациент катары менин акчам эле керек тура, мага менин ден соолугум керек да” деп ойлоп чыгып кеттим.

Эми даана кызык болбодубу, диагноздун тууралыгынан шектенип келип, такыр күтпөгөн жагдай жаралбадыбы! Айла кетти, социалдык тармактагы тааныштар аркылуу тажрыйбалуу, диагнозду туура койгон невропатологдор тууралуу сураштыра баштадым.

Ошондо башка тармакта иштеген бир дарыгер таанышым диагнозду жакшы койгон дарыгердин дарегин айтып берди. Ал мурда мен барган жеке менчик клиникада кабыл алат экен, анын кабыл алуусуна да бир жума мурун жазылдым.

Жашы жетимиштен өтүп калган көптү көргөн дарыгер айым мени аябай жакшылап кыймылдардын баарын жасатып текшерди, коюлган диагноздордун баарын окуду, тактады. Акыры өзүнүн кесиптеши койгон “Оң жактагы ийин-далы периартрозу” диагнозу туура коюлган деди. Бирок дарылоону өзгөрттү, дароо блокада жасады. Ошондон бери колум айыгып, кадимкидей кыймылдап калдым. Дарылоочу көнүгүүлөр да жардам берип жатат.

Көрсө, канча дарыгер болсо ошончо диагноз болот тура. Бизде дартка туура диагноз коюу, дарылануу чоң маселе экенин билдим. Ал эми пайдасы тийбей ашыкча ичкен, сайдырган дарылардын ден соолукка зыяны канча дейсиз? Мендей абалда калгандар көп эле болсо керек. Ошон үчүн башкаларга сабак болор.

Аскер Сакыбаева, журналист

P.S. Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG