Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Сентябрь, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 21:13

Эркин ой жүгүртүүнү мектептен үйрөтөлү


Иллюстрациялык сүрөт.

Билим берүү кандай болушу керектиги тууралуу көп нерсе айтылды окшойт бүгүнкү күнгө чейин. Мен да сөз кошуп койгум келди.

Өзгөчө гуманитардык предметтерде эркин ой жүгүртүүнүн орду зор! Дал ушул принципти карманган илимий чөйрө менен эркин ой жүгүртүүнү баалабаган, адатта жаттоого таянган, жаратмандыкка жабык чөйрөнүн ортосуна океан батат го, чиркин.

Мен бир канча окуяны кыскача мисал келтирейин анда. Эмнени айткым келип жатканын окуялардан билесиз.

Америкадагы түрк студент

Доган Жүжелоглу (ыраматылык) Түркияга белгилүү педагог болгон. Америкадагы университетте билим алган. Ошол киши алгачкы экзаменге киргенде агайы экөөнүн ортосунда бир окуя болгон экен.

Агайы экзамендин суроолорун алдын ала берип, белгилүү мөөнөт берип, "Кагазыңарды ушул күнгө чейин таштап койгула" деп тапшырат. Студент китепканага кирип изденип, суроого жоопторду бир топ күчтүү булактардан таап жазып чыгат.

Агайы Жүжелоглунун кагаздарын окугандан кийин аны чакырып: "Сенин кагазыңды окудум жана "E" деген баа бердим. Бул университетте "F" эң төмөнкү баа. Сен эми атайы эмгек кылып көп китеп карапсың, эмгегиңди сыйлап "F" койбодум. Мени кара жигит! Бул университетте "D" деген баа мындай турсун, дайыма "С" ала бергендер айдалат. Сен бул жерден окуп бүтүрөм десең "A" менен "B" гана алышың керек. Сага эмне үчүн андай төмөн баа койдум билесиңби? Сен бул кагазга жазган маалыматтарды эгер кааласам мен деле китепканага барам жана тийиштүү булактардан таап алам. Бул маселе эмес. Мага, сенин агайың катары сенин эмне деп ойлонгонуң, бул жердеги маалыматтардын сыртында сенин айта турган оюң маанилүү болчу! Сенин кагазыңда сенин пикириң жок!",- деген экен.

Булбулдун орусчасы

Жаңылбасам экинчи же үчүнчү класста окуйт элем. Акыркы сабак орус тил болчу. Бир тараптан курсак ачып, экинчи тараптан сабак бүтөрү менен көчөгө чыгып ойногонду кыялданып отургам. Кырк беш мүнөт батыраак бүтө койбойт же. Бир маалда сабактын ортосунда эле эжекебиз:

- Өткөн сабакта жаңы сөздөрдү тапшырма кылып бергем. Мен азыр ошолордон аралап сурайм, туура жооп бергендер үйүнө кете берсе болот,- деп калса болобу.

Бир маалда жаңы сөздөрдү сурай баштады. Көрсө, 45 мүнөттүн бат эле бүтүшүн мен эле тилебепмин. Сабакка кызыкканы деле, такыр кызыкпаганы деле жарыша кол көтөрүп, бир орусча сөздү айтып коюп эле үйүнө жөнөп жыргап жатышты.

Бир нерсеге алаксып, терезени карап оозум ачылып отуруп калган экем, бир маалда өзүмө келип айланамды карасам жарымынан көбү кетип бүтүптүр. Анан мен да ичимен дароо бир сөздү таба коюп кете калгым келди. Мурда "ит", "мышык" деген оңой эле сөздөр чыгып жатты эле, менин бактыма "булбул" чыкты. Аны жаттаган эмесминби же унутуп калгамбы, айтор бир кыйлага чейин туруп калдым. Кызыгы, класста булбул орусча кандай аталарын билгендер калбаптыр. Кыйлага туруп калгандан кийин колумду көтөрүп, "это-это" дедим.

Менин жообумду түшүнүү үчүн эжекемдин мээсине да бир канча секунд керек болду окшойт. Менден бул жоопту укканда катып калды. Мен да тили чала чыкканда апасына өзүнүн тилинде дартын чулдурап айтып, "апам мени түшүндү бекен же түшүнбөдүбү" деп апасынын көзүн жалдырай карап, жообун күткөн баладай көзүм жылтырап эжекени карап калдым.

Эжей бир маалда каткырып күлдү.

- Жок туура эмес!, -деп кетирбей койгон. Уялып кала бергем.

Жок дегенде жаратмандыгымды баалап, бир баштан сылап дем берип койсо эмне болмок? Натыйжада ар бир чоң ийгилик, өтө майда, башкалар үчүн катардагы бирок ал адам үчүн чоң мааниге ээ бир сөздөн, кыймыл-аракеттен же түрткүдөн башталат эмеспи?

"Сен кимсиң?"

Университетте окуп жүрүп бир агай менен саал келише албай калдык эле. Кыскасы, ал агайдын сабагынан экзамен тапшырыш керек болуп калды. Мен кадимки экзамен катары кабыл алып эле кирдим. Тиги киши ал күндү күтүп жүргөнүн кайдан билипмин? Негизи окуган, билген эле жерлерден келди суроолор. Кыйратпасам да жок дегенде 90 балл алдым го деп жүрсөм, 75 балл коптур. Анан адашып калган эмеспи деп сурасам, "жаңылыштык жок" деди. Кагазымды өзүмө көрсөтү. Көрсө, 4 суроонун 3үнө толук кандуу ал эми бирөөнө чала анан да жоромолдор менен жооп берген экем.

"Агай жоромолдорумдун жарымы туура болсо керек жок жегенде. Толугу менен жокко чыга турганчалык начар жооп бербесем керек ошол суроого деле",- дедим жөн калбай.

"Ал жерде сенин оюң суралган эмес да!",- деп койду. Мындайча айтканда, "сен кимсиң" дегендей эле мамиле кылып койду.

Кийин мени жеке чакырып:

"Кызыл дипломго талапкер экенсиң, көтөрмөлөп жатам сени, унутпагын", - деп баа коюп берген. Ошол учурда кызыл диплом кызык көрүнүп, ушундай болбогон жагдайларга да кабылып жүргөн экем.

Башкачараак болор беле?

2012-жылы Анкара университетине магистратурага келдим. Жергиликтүү түрк магистранттар менен теңтайлашып окуп кете аламбы деген кыжаалат ой болду.

Ошентип, алгачкы сабакка кирдим. Чындыгында өтө аз эле нерсе түшүндүм. Өзүм кызыл диплом алып, кыйын киши болгонум менен бул жактагы деңгээлден алда канча артта элем. Экинчи, үчүнчү сабактарга кирсем алар да татаал сезилип, жүрөгүм түшүп турган жаным ого бетер корко баштадым. Алгачкы жарым жылдык аяктагыча чыйралып алганым менен кыйынчылыктар алдыда эле. Ошентип модул тапшырыш керек болуп, экзаменге даярданып, тапшырдым.

Бир жагынан жакшы эле жазгандай болом, экинчи жагынан күчтүүлөрдү көргөндө чүнчүп, экзамендин жообун күтүп жүрдүм.

Магистратурадан соң дагы билим алайын деген оюм бар болгондуктан, стипендия алыш үчүн 75 баллдан төмөн түшпөшүм керек экенин угуп, түпөйүл тартып жаттым.

Оо Кудай, шерменде кыла көрбө деп, жатаканада өзүм жалгыз жатып алып тиленип жүрдүм. Бир күн китепканада отурсам, агайымдын бирөө жанымдан өтүп баратып:

"Кандайсың? Азыр сенин кагазыңды окуп жатам. Жакшы жазыптырсың, куттуктайм, азамат",- деп өтүп кетти. Сүйүнөйүн дейм, сүйүнө албайм да, чиркин.

Агайым адашып калбады бекен деп ойлоп коём. Азыр сүйүнүп майрамдап ийип анан эртеси шылкыйып калбайын дейм. "Ай, Элмурат кечирип кой, мен сенин кагазыңды алмаштырып алыпмын, көрсө",- десечи. Расмий жыйынтык чыккан күнгө чейин майрамдай албай жүрдүм.

Кийин анализ жасап көрсөм, көрсө бизди жаштайынан эле "сен кыла албайсың, эптей албайсың, жөн эле отур" деп чоңойтот экен.

Анын үстүнө Кыргызстандагы университетте иштеген оргиналдуу агайым музоо кезимде сүзүп коркутуп коюптур. Ал агайдын өзгөчөлүгү - студенттерин аз көтөрмөлөп, көп сындырчу.

Бирде жакшы эле окуп жаткан сабагымдан төмөн балл алып:

-Адашып калбадыңызбы, кайра карасак болобу?,- деп эле айттым. Мектепте жакшы окуган жаным таасирленим алган окшойм.

-Эй сен өзүңдү ким деп ойлоп жатасың? Эмне кыйынсыңбы? Азыр кааласаң башынан экзамен алайынбы?, -деп жети жүз беттик предметтик китепти кармап алыган "ушунун каалаган жеринен сурасам жооп бере аласыңбы" деп жүрөгүмдү түшүргөн.

"Мен докторантурада окугам, минтип окугам, китепканага жатып ала жаздагам" десе ишенип алган экенбиз. Азыр ойлосом, ал деле кээ бир терс сапаттарга ээ, биздей эле кемчилик кетирген киши болуптур.

Ийгилик жаратууда кишинин өзүнө болгон ишеними рол ойнойт эмеспи. Ким билет, мен же мага окшогон миңдеген жаштарыбыздын өзүнө болгон ишеними жаштайынан ур-тепкиге калып, басмырланбаса!

Тескерисинче, колдоо көрсө мындан дагы жогору жерлерде, мындан да чоң ийгиликтерди жаратып, өлкөбүздүн келечегине салып кошот беле? Бийлик башындагылар билим берүүнүн маанилүү экенин аңдаган күн келээр бекен?

Элмурат Кочкор уулу, Түркия

P.S. Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG