Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Август, 2021 жума, Бишкек убактысы 09:26

Инандынын ишин бир беткей талдабайлы...


Элмурат Кочкор уулу.

Орхан Инанды мырзанын уурдалып кетиши жакшы иш болбоду. Кантсе да ал киши! Бирок мындан дагы кейиштүүсү - маселенин мынчалык чиелешип, эл аралык маанай түзүп калганы болду.

Атаганат... Боордош Түркия 2016-жылкы каргашалуу окуяны башынан кечирбегенде, ички чыңалуусун тынчтык жолу менен чечкенде эмне дейм ичимден.

Анда бүгүн эч ким эч кимди аңдымак эмес. Кыргыз коому да эки жаат болуп айтышпайт эле. Түркиянын башынан ошол окуя өтпөгөндө, өздөрүн бир тууган санаган эки өлкөнүн жылуу мамилеси кыйлага муздабайт беле...

Орхан Инанды "Гүлен" жамаатынын сап башындагы мүчөлөрдөн бири болгондуктан Түркия жумурияты аны жоопко тарткысы келип жүргөндүгү маалым.

"Эмне үчүн Түркиянын учурдагы өкмөтү "Гүлен" жамааты менен өз учурунда мамилелеш болуп жүрүп, кийин элдешкис душманга айланып кетти?" деген суроонун жообу көпчүлүккө кызык болсо керек. Бирок бул суроого так жана туура жооп табуу азыркы тапта өтө кыйын. Анткени, эки тарап тең бири-бирин айыптап, ак-карасы аралаш маалыматтарды жайнатып ийген.

Бул заманда бурмаланган маалыматтар менен коомдук пикирди өзгөртүү кыйынга турбай деле калганын көрүп жүрөбүз. Чындап келсе бул маселенин тамыры биздин коомду мынчалык кызыктырбашы деле керек эле.

Жеке пикиримде биз ушул тапта жаралып калган абалга карата кандай позицияда турушубуз керек экендигине гана баш оорутканыбыз дурус.

Учурда кыргыз коомчулугу экиге бөлүнүп, кайым айтышып жатканы өкүндүрөт.

Бир тарапта айтылуу инсандын кыргыз жараны экендигин, агартуу жаатына көп салым кошконун жүйө келтирип, анын уурдалып кетишине "кыргыз жана түрк өкмөттөрүн күнөөлөп" жатышат. Экинчи тарапта "бир түрк уурдалса уурдалгандыр, ансыз деле террордук уюмга катыштыгы бар неме болчу" деген жоопту бетке кармангандар турат сөздөн калбай айтышып.

"Биз тарап сүттөй ак, бардык күнөө-кемчилик силер жакка тиешелүү" деген маңыздагы ой-пикир эки тараптын тең аргументи болуп турганы ачуу чындык.

Агымга каршы келген калыстык

Калыстык үчүн айтып коюш керек. Кыргыз коому катары, биздин "Гүлен" жамааты туурасындагы ой-пикирибиз толугу менен учурдагы түрк өкмөтүнүн бул жамаат тууралуу айткандарынын так көчүрмөсү болбоого тийиш.

Кудум ушундай эле, учурдагы түрк өкмөтү туурасындагы ой-пикирибиз да айтылуу жамааттын мүчөлөрүнүн жоромолдору менен чектелбеши керек.

Муну менен эмнени айткым келип жатат? Бир тарапта, түрк өкмөтүнүн "Гүлен" жамааты туурасындагы саясатын колдогон, алардын кадамдарын туура деп эсептеген кишилер бар.

Түрк өкмөтү бул жамаатты "террордук уюм катары" сыпаттаганынан улам, жада калса "Сапат" билим берүү мекемесинде кароолчу болуп иштеген кишини кошуп, "бузуку, террорист" деп саноо туура эмес. Бул аша чапкандык, "бөрк ал десе, баш алган" наадандык.

Натыйжада, толугу менен бир тараптуу ой-пикир пайда болуп, коомдук бөлүнүп-жарылууга алып келет. Оболу бул маселенин күңгөй-тескейин өзүбүз да терең талдап, ошого жараша ат койгонубуз туура болмок.

Ал эми экинчи тарапта, кыргыз жана түрк өкмөттөрүнүн бул окуяга байланыштуу кадамдарын толугу менен жокко чыгарган тарап турат. Булар Орхан Инанды мырзанын кыргыз жараны жана мугалим экендигин б.а. укуктук жана моралдык аргументтерин бетке кармап, "Жаран катары анын укугун корго!" деп кыргыз өкмөтүнүн шаштысын алып жатканына күбө болдук.

Бир караганда, Орхан мырзанын тарапташтарынын айткандары логикалуу, акылга сыярлык көрүнгөнү менен, жеке баамымда, бул тарап да калыс, бейтарап бир позиция кармана албай жаткансыйт.

Анткени, жамааттын тарапташтары маселени Орхан Инандынын уурдалып кетиши менен гана чектеп, кыргыз өкмөтүн маселени ушул өңүттөн гана карап, чара көрүүсүн кыстап жаткандыгын көрүүгө болот. Чындыгында, ачык айтылбаганы менен, кыргыз өкмөтү учурда түрк өкмөтүнүн талаптары менен Гүлен жамаатынын талаптарынын ортосунда кысылып калып калгандай жагдайда турат.

Кыргыз бийлиги учурда Орхан Инандынын тагдыры тууралуу кандайдыр бир чечимге барарда, мына ушул эки тең салмакты дыкат салмактаганга аргасыз болуп турат окшойт, чамамда...

Анткени, соңку бир канча жылдан бери Инандыны түрк өкмөтү жоопко тарткысы келип, бирок айласын таппай жүргөндүгү маалым болгон эле.

"Бойдок адамга ажырашып кетиш кеп эмес" деген түрк макалы бар. Анын сыңарындай, "Өз жаранын коргободу, шалаакы бийлик болду, мугалим уурдалып жатса оозун ачып отуруп берди" деп күпүлдөгөн оңой. Бирок маселенин экинчи тарабында, биздин эгемендигибизди биринчи болуп тааныган, стратегиялык өнөктөш өлкө турбайбы.

Бир беткей карабайлы

Кээ бир аттуу-баштуу эле кишилердин социалдык тармактагы постторун окуп калсам, "айтылуу жамаатка" болгон сүйүүсү (же кызыкчылыктары барбы билбейм) көөдөн көзүн тосуп калгандай сезилет.

"Негизи "Гүлен" кыймылы таптаза кыймыл. Кызыкчылыктар дал келбей калган кезде Эрдоган эле оюнан чыгарып, буларды террордук уюм катары жарыялап койду. Калем менен китеп кармаган колдор кантип эле кантип эле андай чыккынчылыкка барсын?" деген маңыздагы пикирлер жайнап кеткени байкалат.

Бул сыяктуу ой-пикирлерди жаадырган бурадарлардын басымдуу көпчүлүгү жамааттык кыймылдын коркунучтары тууралуу терең маалыматка ээ эмес. Бул маселе тереңинде диний маңызга ээ болгондуктан, теолог катары көпчүлүктүн жаматтык түзүлүштүн коркунучтарынан али бейкапар экендигин айта алам. Бул эле эмес, мындан башка дагы бир топ диний жамааттын түрдүү багытта мамлекеттүүлүккө терс таасирин тийгизип коюу коркунучун бир канча мамлекет баштан кечиргенине тарых күбө.

Албетте, бул жамаат тууралуу жамандап айтылгандардын баарын толугу менен туура деп эсептөөгө болбойт. Бирок жомок деп да эсептей албайбыз.

Түркияда бул жамаат менен чабышкан "Ак" партияга оппозиция болгон партиялар да бул жамаатка коюлган доонун көпчүлүгүн туура кабыл алды. Эгер бир эле киши оюнан чыгарып токуп жиберсе, эң башта мына ошол оппозициясы каршы чыкмак. Бул жамааттын кандайдыр бир кыңыр иштерди кылып жүргөнүн түрк өкмөтү белгилүү деңгээлде далилдей алды десек болот.

Түрк бийлиги жамаатты 2016-жылдагы төңкөрүш аракетине, мамлекеттик кызматтарга атайын өздөрүнүн адамдарын алып келип, мамлекеттик мүмкүнчүлүктү акырындык менен жамааттык кызыкчылыкка жумшап жүргөнгө катыштыгы бар деп айыптаган. Буларды тастыктаган аргументтерге ээ экенин керек болсо (тажрыйба үчүн) бөлүшкөнгө даярдыгын айтып келет. Демек, мунун баарын толугу менен төгүнгө чыгаруу рационалдуу эмес, эмоционалдуу кадам болуп калчудай.

Кыскасы, менин түшүнүгүмдө мындай ойдогу кишилердин оюна койсо жамааттык кызыкчылык үчүн Түркия менен болгон мамилени деле эч ойлонбой кризиске түрткүдөй.

Анткени аң-сезиминде бир жакты апакай, экинчи тарапты капкара кылып баалап бүткөндөр бар экен.

Гүлен жамааты биздин балдарыбызды окутуп жатса, Түркия жумурияты деле окутуп жатканын калыстык үчүн айтып коюш керек. Болгондо да стипендия төлөп, бир топ студенттерди окутуп келет.

Түркияда учурда 30 миңдин айланасында кыргыз жарандары эмгектенет. Жакшыбы-жаманбы ушул жерден нан таап жеп жатат. Жаңылбасам, Кыргызстан ТИКА (Түрк Кызматташтык жана Координация агенттиги) эң көп жардам берген беш өлкөнүн катарына кирет. Мындан сырткары да ар тараптуу жардамдарынан сөз кылуу мүмкүн.

Жада калса, учурда "Сапат" деп аталган мектептердин Кыргызстанга кеңири таралышы жамааттын лидеринин эмес, Түркия жумуриятынын аброю аркылуу ишке ашкан. Башкача айтканда, бул мектептер учурунда Түркия жактырган модел катары, ошол кездеги президенти тарабынан табышталгандан кийин гана кеңири жайыла баштаган.

Советтер Союзунун курамынан жаңы эле чыгып, жаратканды жакшы тааныбай турган учурда Фетхуллах Гүленди кайдан таанымак эле биздин коом? Демек, бүгүн бул мектептерде көптөгөн кыргыз жаштары билим алып, кең келечекке кадам таштап жатса, мында Түркия жумуриятынын салымы чоң экендигин унутпоо керек.

Келечекке кат

Акыйкат кепти ар кандай жагдайда айта билүү оңой нерсе эмес экен. Андыктан көпчүлүккө жакпашын билсем да, акыйкат үчүн тарых алдында төмөндөгүлөрдү айтып койгум келди.

"Гүлен" кыймылы Кыргызстанда жакшы эле таасирдүү болуп калгандыгын тажрыйбалап көрдүк окшойт. Жамаатка тиешелүү бир кишинин жоголуп кетишине коллективдүү, уюшкан абалда реакция көрсөтүүсүн гумандуу, туура кадам катары сыпаттоо мүмкүн. Бирок, маселенин эки жагын - чоң картинаны толук карабастан, өзүнө керектүү бир-эки талуу жеринен кармап алып эле талап коё бергени кооптондуруш керекпи? Дегеним, кези келгенде рационалдуу эмес, эмоционалдуу кадамдарды келиштирип таштай алган топ толугу менен коопсузбу? Эртең бир күн келип, бул жамааттын кызыкчылыгы мамлекеттик, улуттук кызыкчылыкка саал дал келбей калса, ар тараптуу күчүн колдонуп, эмоционалдуу кадамдарга барбайт деген кепилдик барбы?

Натыйжада бул бир диний жамаат жана башка жамааттар сыяктуу эле бир жерден т.а. бир кишинин чечимдери менен башкарылат. Кеңешип, талкуулап, сын-пикирге ачык болуп иш алып барбастан, бир гана кишини "Кудайга жакын киши, ал адашпайт" деп сыпаттап (бул болсо теологиялык жактан өтө проблемалуу түшүнүк) ээрчип кете берген жерде кооптонгонго толук негиз бар деп ойлойм.

Мындан сырткары ал кишинин мугалим экендигин сыйлап, өкмөтүбүздү мугалимин коргой албагандыгы менен айыптагандар да арбын экен.

Анан ой келет экен, тообо өлкөдө демек мугалимдин баркын билген кишилерибиз жетиштүү эле экен да. Чындап эле жарандык коомдун ичинде мугалим мынчалык баркталып жатса, анда эмне үчүн ушунча жылдан бери мугалимдин айлык акысын көтөртүп, аларга жарытарлык шарт түзөлү деп ызылдабадык экен? "Адам баласы өзүн өзү алдаганчалык эч кимди алдай албайт" дегендей, келгиле, өзүбүздү сындаганды да билели.

Жыйынтыктап айтканда, эки тарапка тең аша чаап ооп кеткен туура натыйжа бербейт деп ойлойм. Эки тараптын тең туура жактарын алып, туура эмес жактарын четке кага билүү дараметин көрсөтүү зарыл.

Бул үчүн өлкө катары Түркия менен болгон мамилебизди да, "Гүлен" кыймылына карата позициябызды да шашпай, терең талдап, кеңешип бир жолго салуу - опол тоодой мааниге ээ. Антпесек, түрк өкмөтүн "Гүлен" кыймылынын көз айнеги менен же тескерисинче кылып карап алып эле бир бүтүмгө келе берсек, ич ара бөлүнүп-жарылган кыргыз коомуна дагы бир жарака кетирген болобуз.

Элмурат Кочкор уулу, Түркия

P.S. Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG