Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Октябрь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 16:27

Кыз баланын билим алуусуна исламдын мамилеси


Иллюстрациялык сүрөт.

Элмурат Кочкор уулунун кезектеги блогуна назар салыңыздар.

Китептеги ислам менен калк арасында жашаган мусулманчылык түшүнүктүн ортосундагы айырманын аябагандай чоң экендиги маалым.

Мунун эң чоң себептеринин бири - мусулман ой-чабытынын кризиске кептелгенинде. Кризистин негизги себеби катары исламдын баалуулуктарын ар бир доордун руху менен айкалыштыра түшүнүп кете албагандыгыбызда экенин айткан илимпоздор аз эмес. Мен да ушул тыянакты туура деп эсептейм. Мисалы, физикалык дүйнөбүз XXI кылымда жашап жаткан менен аң-сезимдик дүйнөбүз бир канча кылым артта келе жаткандай сезилет. Муну учурдагы диний жашообуздагы кээ бир парадокстардан даана байкоого болот. Мындан мусулман дүйнөсү өтө көп залал тартты.

Мисалы, "Кыз баланы окутуш керекпи же окутпай эле койгон дуруспу?" деген суроонун тегерегинде өнүккөн талкууларды бул парадокстардын башында атап өтүү мүмкүн. Бүгүн, XXI кылымда бул суроонун алкагында, кез-кезде болсо да, дагы деле талкуу токтобой жаткандыгы ­ айтылуу ой-чабыттын жарасы али терең экенинен кабар берет.

"Парадокс" деп атап жатам. Анткени ошол кыздарын окууга жөнөткүсү келбеген жана тилекке каршы муну такыбалык (диндарлык) деп эсептеген адамдар аялын же кызын ооруканага алып барганда аял дарыгер издешет. Мындайча айтканда, өзү кызын университетке жөнөтпөй койгонду жана ошол эле учурда аялын төрөткөнү ооруканага алып барганда аял доктур төрөтүшү керектигин да бир эле диндин эки башка буйругу деп эсептейт. Тим эле бул темада өтө катуу туруп алгандарды көрүп эле жүрөбүз.

"Атасы жиндинин бирөө, апасы жиндинин баары жинди"

Орточо эсеп менен алганда, биздин өлкөнүн жарымын айымдар түзөт. Бир коомдун жарымына жакынын окутпай коюш кандай натыйжаларга алып келээри түшүнүктүү болсо керек. Анын үстүнө биз сыяктуу коомдо аял кишинин үй-бүлөлүк таалим-тарбиядагы орду зор! "Атасы жиндинин бирөө жинди, энеси жиндинин баары жинди" деген макал жөн жерге айтылбаса керек.

Адатта ата бала-чаканын таалим-тарбиясы менен көп алектенбейт. Ата сыртка чыгып, иштеп акча таап, көбүнчөсү бала үйдө апасынын колунда болот. Анын үстүнө бүгүнкү илимий изилдөөлөр, бала атасына караганда апасынан бир кыйла көп нерсени алаарын көрсөтүүдө. Демек, бир коомдо кыз баланын терең билим албай калышы, ага мүмкүнчүлүк берилбей калышынын зыяны кыз балдардын өзү менен гана чектелбейт. Бүтүндөй коомдун кандай кишилерден калыптанаары - энелердин билим деңгээлинен толук көз каранды десек жаңылышпайбыз!

Негизи бизде эркектер деле окуп кыйратып ийген абал жок. Мектептен тартып жогорку окуу жайларыбыздын деңгээли деле купулга толорлук эмес. Мындайча айтканда ансыз деле коомубузда окугандар, мыкты окуткандар аз. Дал ошол себептүү коомдо түркүн проблемалар чыгып, билимсиздиктин катаал натыйжаларына күн сайын кабылып эле жашап келатабыз. Анан мунусу жетпей жаткансып, категориялык түрдө кыз баланы билимканалардан узакташтырууну самоо – жеткен акмактык!

Дин жана диний түшүнүктүн айырмасы

Учурда бул илдет дээрлик бардык эле мусулман коомчулугунда, анын ичинде биздин өлкөдө дагы кыздарды окутпаш керектигин туура деп эсептегендер бар.

Негизи бир коом үчүн бардык кыз-келиндердин билим алуу мүмкүнчүлүгүнөн кур жалак калуусу мындай турсун, он пайызынын же андан да аз катмарынын окубай калышы - өлкөнүн коомдук катмары үчүн чоң жоготуу жана ашыкча жүк.

Муну исламдын буйругу катары көрүү – жеткен караңгылык! Анткени исламдын эң негизги булагы болгон Куран китебинин алгачкы буйругу (менимче эң негизгиси да ушул) болгон "Оку!" деген буйругу. Мындан сырткары Куранда көп жерде кайталанган "Акылыңарды иштеткиле, терең ой жүгүрткүлө" деген буйруктары эркектерге гана айтылган эмес. Курандын бул буйруктары аялдарды да камтып тургандыгы айдан ачык.

Негизи бардык эле нерсени Курандан же хадистен далил издеп, эптеп аны бир жерине кыстарып, анан ынануу – мен түшүнгөн исламдын буйругу эмес. Мындайча айтканда, кээ бир нерселерди жөн эле ой жүгүртүп, туура же туура эмес экенин оңдоо мүмкүн. Бирок учурда исламдын терең рухунан узакташа түшкөн мусулмандардын ой-чабытында, бардык нерсени Куранга же пайгамбардын жашоосуна алып келип такап, ошол жерден бир жерге шилтеме кылуу бизде шарт болуп калган.

Дал ошол себептүү кыздарды окутканга каршы чыккан "оорукчан" түшүнүктөргө пайгамбардын жашоосунан да өрнөк көрсөтүү шарт. Пайгамбардын аялы Айшанын илимге жакын аял болгондугу маалым. Кезинде керек болсо эркек сахабаларга да сабак бергендиги, болгондо да аял кишилердин өзгөчө абалдары тууралуу темаларда да сабак бергендигин эске алуу керек.

Куранда ачык-айкын айтылган принциптерге карабай (балким ынанбай), муну сахабалардын жашоосунан көрмөй сайын кабыл кыла албай, ал жерден да сөзсүз шилтеме күтүү – биз жашап жаткан мусулманчылык исламдан алыстай түшкөнүнүн дагы бир көрсөткүчү. Бул маселе өзүнчө чоң маселе болгондуктан бул жерде сөз кылбай туралы.

Мындай илдет кайдан чыкты?

Исламдын позиция ушундай болсо, анда кыздарды окутпаш керек деген түшүнүк кайдан чыкты? Ушул нерсени так кесе айтуу мүмкүн - кыздарды окутпаш керектиги туурасында исламдын негизги булактарында бир да буйрук жок. Тескерисинче, окуп, билим алганга буйрук жана үгүт бар.

Пайгамбар көз жумгандан бери 14 кылым өтсө, бул доорлордо ар бир коом өзүнүн дареметине жараша, маданий-саясий шарттарына карап исламды түшүнүүгө, анын өкүмдөрү менен жашаганга аракет кылды. Мына ошондо ар бир доордун аалымы, окумуштуусу исламдын принциптерин ошол коомго ылайыкташтырып чечмелеп түшүндүрүп берип келген. Бул маңызда том-том китептер жазылган. Ушул жерде белгилей кетчү нерсе бар. Мына ушул айтылуу китептерге кирип калган "диний жоромол" диндин (исламдын) так өзү катары кабыл алынбоого тийиш. Нукура ислам Куранда гана! Пайгамбар аны чечмелеп, жалпак тил менен түшүндүрүп, өзүнүн жашоосунда практикалап көрсөтүп гана берген!

Демек, нукура ислам Куранда, диний маңыздагы китептер "тийиштүү автор түшүнгөн ислам" катары кабыл алынуусу керек. Дал ошол ар кайсы доордо, ар кандай шарттарда жазылган кээ бир китептерде "кыздарды окутпаш керектиги тууралуу, муну шарияттын буйругу катары" жазып калтырган кишилер болгондугу ырас. Мисалга, "Аял киши күйөөсү менен кат жазыша турганчалык гана кат сабаттуулугу жоюлса жетиштүү" деген саптар орун алган эмгектер да болгон. Ал эми тарыхта калды.

Балким, аялдардын коопсуздугунан улам же болбосо кандайдыр бир саясий басымдан улам ушинтип жазгандыр, изилдеп көрүш керек. Бирок бүгүн, биз жашаган өлкөнүн мисалында булардын бирин да эске алганга милдеттүү эмеспиз. Тескерисинче, жамы журттун татыктуу билим алуусуна жол ачуу – исламдын эң ыйык парздарынын бири десек да орундуу болот.

Мусулман коомчулугу кез-кези менен аялдардын билим алуусуна классикалашып калган кээ бир эмгектерден улам гана каршы чыкпады. Буга каршы чыгуусунун дагы бир себеби катары - атам замандан бери уланып келе жаткан аял-эркек тирешүүсүн белгилеп өтүү мүмкүн. Жөнөкөй тил менен айтканда, учурда биздин коомдо да кеңири таралган түшүнүк, аял кишини "жамандыкты баштаган", бир сөз менен айтканда "шайтандап турган пенде" көрүшөт.

Бул түшүнүк "аялдарды окутпаш керек", "окуп көп нерсени билип алса, бузулуп кетет" дедиртти, кыскасы. Канчалык бир тараптуу айтылган, чабал ой караңызчы! "Эркек дээрлик периште, жамандыктын баарын аял баштайт. Андыктан аялдарды окутпай караңгы кылып кармасак, жашообузда жамандык болбойт" деген түшүнүк менен каерге жетмек элек.

Айымдардын окуп, билимдүү болуп кетишинен коркпоңуздар! Эркек балдар менен кошулуп окуусунан кооптонуп, намысына кол салат деп кооптонсоңуз, бул маселени чечүүнүн жолу кыздарды окуу жайга жөнөтпөй коюу эмес. Маселени чечүүнүн жолу окуу жайга барганда кыз баланын намысына, жеке жашоосуна кол салбаган, кийлигишпеген, тартиптүү уул балдарды өстүрүүдө!

Көчөдө басып бараткан кызыңыздын же аялыңыздын коопсуздугунан корксоңуз, аларды үйгө камоо менен эмес коопсуз көчөлөрдү, коопсуз айлана-чөйрөнү калыптандырууга салым кошуу менен гана маселени чечүү мүмкүн. Буларды кынтыксыз ишке ашыруу үчүн, алгач келечектин энелерин билимдүү кылып чоңойтуу зарыл!

Элмурат Кочкор уулу, Түркия

P.S. Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG