Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 17:48

"Талибан аң-сезиминин" коркунучу


Кабул шаары, 2021-жылдын 18-августу.

Элмурат Кочкор уулунун кезектеги блогуна назар салыңыздар.

"Ооганстандагы кризис чек араларды ашып өтүп, бизге таасирин тийгизиши мүмкүнбү?" деген суроо кызуу талкууда. Орто Азияда тең салмактуулук өзгөрүп, жаңы жол картасы сызылганы калды окшойт.

Кызыгы, коркунучту дагы деле "Ооганстандын чегинде гана" деп түшүнүп, али бизге таасирин тийгизе элек экендигин назарга тутуп жаткандыгыбыз. Ал жердеги "оорукчан аң-сезим" чек ара таанымак беле? Реалдуу коркунучка айлангандар физикалык картаны аттап өтө элек болгону менен анын пайдубалын түптөп келе жаткан аң-сезим, түшүнүк бизге качан эле кирип келген.

"Миң насыйкаттан, бир мусыйбат"

Мусулман коомчулугунун трагедиясы ­ маселе качан гана конкреттүү өңүт алганда ойгонуп жаткандыгында болуп жатат окшойт. Мисалга, учурда жүрөктүн үшүн алып турган "Талибан" кыймылы деле 1990-жылдардан кийин аты көп угулуп, керек болсо Ооганстанда бийликке келген. Алар келген соң өлкөдөгү жалпы абал кайсыл тарапка карап өзгөргөндүгү маалым. Бирок бул деген сөз талибдер 1990-жылдардан кийин пайда болду деген мааниге келбейт.

90-жылдарга чейин деле "Талибан аң-сезими" кеңири тарап жашап келген. Бирок ал учурларда көпчүлүк тарабынан булар коркунуч катары кабыл алынбаса керек эле. Анткени, ал учурда маселенин мынчалык курчуп кетишин абстрактуу өңүттөн гана кароо мүмкүн болсо керек. Абстрактуу маселени калктын калың катмарына түшүндүрүү мүмкүн болбогондуктан, күчтөнүп олтуруп, 90-жылдардан кийин конкреттүү коркунучка айланды.

Биздин коом да­ аябай кызыктуу коом. Талибдер качан барып бийликти алып, караңгы түшүнүгү менен көчөгө курал көтөрүп чыкканда чочулап, талкуу кылып жатабыз. Маселеге талибдер бийликти тартып алган соң коркунучка айлангандай мамиле жасап жатабыз. Аныгында, талибдерден чочулаганчалык, талибдерди пайда кылган аң-сезимден чочулоо орундуу болмок.

Жеке пикиримде, "Талибан коркунучтуубу же жокпу?" деген суроо алдамай суроо деп ойлойм. Анткени биз коркунучту талибандар менен чектеп алгып ката кетирип жатабыз. Б.а. биздин өлкөдө кадимкидей ишмердүүлүгүн жүргүзүп келе жаткан, керектүү уруксат кагаздары бар бир топ жамаат жана уюмдардын ой-жүгүртүүсү, жамааттык түшүнүгү учурда коркунуч жаратып жаткан талибандык түшүнүктөрдөн кыйратып обочолонбой калган жерлери жок эмес.

Мисалга, учурда дүйнө коомчулугу талибандарды кайсыл кадамдарынан улам коркунучтуу деп эсептеп жатат? Акылга, илим-билимге эмес догмаларга таянган диний түшүнүктү карманып, ага каршы келген кишилерге карата күч колдонууга чейин барып жаткандыгынан улам сынга калды дейли. Биздин өлкөдө иш алып барып жаткан жамаат, агымдардын арасында көрүнүктүү лидерлери баш болуп акылга, логикага, илим-билимге дал келбеген диний түшүнүктөрдү айтып жүргөндөрдү күндө көрүп калдык да. Демек, ысымы башка болгон менен эгиз аң-сезимди биз бул жерден гана көрүүгө болот.

Жеке баамымда, биздин бийлик да коомдук пикир да мындай аң-сезим реалдуу коркунучка айланбастан ойгонбойт окшойт. Жеке футуристтик божомолум боюнча, Орто Азия өлкөлөрү деле акырындык менен Жакынкы Чыгыштагы өлкөлөр сыяктуу адамдык акыл-парасаттын оозун ачтырган диний түшүнүктөргө малынып, өтө оор беделдерди төлөмөйүн эсине келбейт окшойт.

Жакынкы Чыгыш тайкы диний түшүнүктөн улам ушунча жапа тартканына карабай, алигиче бул мусыйбаттан жетиштүү сабак албагандай. Муну айтылуу өлкөлөрдөгү жамаатташуу, тарикатташуу дагы деле жандуу болуп, ага мүчө болгон тараптар жамааттык түшүнүктөн көтөрүлө албай аңгыча бири-бирин каапырлыкка чейин айыптап келгенинен байкоого болот.

Буларга салыштырмалуу биздин өлкөдө аз да болсо светтик башкаруу өкүм сүргөндөй болуп келе жатабыз. Бирок соңку 20-30 жылдагы өлкөдөгү диний тенденцияны, ага башкаруунун реакциясын карап туруп кыжаалат болбой койгонго болбойт. Чамамда биздин чөлкөмдөрдүн тагдыры деле "миң насыйкаттан, бир мусыйбат" болот окшойт.

Бир тараптан Кудай анын бетин ары кылсын дейли. Бирок, экинчи тараптан бул иштерди дуба/бата же тилек кылуу менен жолго коюу мүмкүн эмес экендигин да аңдайлы. Эгер чындап коомчулук үчүн бул аң-сезимден кооптонсок, анда бул маселени чечүү "Кудай буюрса эч нерсе болбойт, бизге тийбейт" деген үмүт-тилектерден көбүрөөк нерсени талап кылса керек деп ойлойм.

Мисалга, учурдагы муфтийдин бул кооптонуу туурасында "Азаттыкка" берген интервьюсундагы "...Мен элибиз билимдүү, мекендин баркын билет деп ойлойм. Жаман жолго барбайт",- деген реалдуулуктан узак оюна кошулуу кыйын. Калың катмар билимдүү болсо айтылуу аң-сезимдеги жамааттарды ээрчип кетмек эмес да. Учурдагы муфтий мырза мурдакы муфтийлерден айырмаланып акылга, илим-билимге каршы келген диний аң-сезимдин коркунучтуу экенин так белгилеп, буга каршы туруу боюнча муфтияттын жаңыча позициясын сүйүнчүлөп койсо жарашып калмак.

Адам укуктарын "аларга" аманат кылганга болобу?

"Талибан аң-сезими" кези менен адам укуктарын сакталаарын белгилей баштады. Мунун алкагында аялдардын укугунун да "шарияттын негизинде" сакталаарын билдирип, аялдарды башкарууга катышууга да чакырганын билдиришти.

Бул билдирүүлөрдү кандай максатта жасашты азырынча айтуу кыйын. Балким дүйнө коомчулугунун сын-пикиринен улам позициясын бир аз жумшартымыш болду, же чындап эле аялдардын коомдук орду туурасында оюн өзгөртө баштады. Бирок бул билдирүүсүнөн улам "Талибан аң-сезимине" карата симпатия пайда кылганга али эрте.

Анткени "шарияттын негизинде" деген менен кайсыл шарияттын негизинде экени алигиче табышмак бойдон. Мусулман коомчулугунда "шарият - бул Алланын өкүмү. Андыктан ал өзгөрбөйт жана эң туурасы!" деген түшүнүк кеңири жайылган. Бул туура эмес түшүнүк. Эгер андай боло турган болсо, бир эле Куран китебине жана бир эле пайгамбарга ыйман келтирген мусулмандар катары бүткүл дүйнөдө өтүмдүү бир эле шарият болушу керек болчу да. Аныгында, учурда ондогон балким жүздөгөн шарият жашап келет. Куран менен сүннөт Кудайдын өзгөрбөс өкүмү, ал эми ал экөөнү биз өзүбүздүн деңгээлге, көз карашка жараша түшүнүп, жоромолдогон версиябыз шарият деп аталат.

Демек, "Талибан аң-сезими" убадалаган шарият кимдин шарияты, кимдер жоромолдогон шарият болушу алигиче суроо белгиси бойдон турат. Түрктөрдө "Көрүнүп турган айылга жол картага кажет жок" деген макал бар. Кыскасы, айтылуу аң-сезим кандай шариятты убадалаганы азырынча белгисиз болгон менен, адамдык ардакка, гумандык баалуулуктарга төп келген, исламдык нукура рухтан узакташпаган шарият алып келе албашы көрүнүп калды окшойт.

"Талибанды" колдогондор кайдан чыкты?

Биздин өлкөдө кечээ жакындагы окуялардан улам, "Талибан" кыймылынын кылгандарын, максаттарын туура баалагандар чыккандыгы таң калычтуу сезилди окшойт. Негизи бул көрүнүш таң каларлык, күтүлбөгөн көрүнүш деле эмес. Анткени, ысымы башка болгон менен бир топ жамааттын, агымдын мүчөлөрү дээрлик окшош эле аң-сезимге ээ.

Тилекке каршы, ысымы башка болгону менен мүмкүнчүлүк берсең, талибдердин кылыгын кыла турган аң-сезим биздин өлкөдөгү кээ бир жамааттарда деле жашап келет. Муну үч жылдан ашуун убактан бери жазып келе жатам. Бирок биз качан коңшусунун тоогун уурдап жеп койгондо колуна таягын карман бала тарбиялаганга киришкен ата-энелердей, айтылуу аң-сезим качан гана курал көтөрүп, бизди кезей баштаганда тынчсызданат экенбиз, аттиң!

Андыктан биз ысымдарга эмес аң-сезимге карап ой жүгүрткөнүбүз туура болмок. Мисалга, эртең саясий кызыкчылыктар өзгөрүп, супер күчтөр талибдерди сахнадан түшүрүп койсо эле, диний тайкы түшүнүк коркунучу жокко чыкты деп түшүнбөш керек. Биздеги мусулман аң-сезими, эгер, догмага, акыл-парасатка шайкеш келбеген түшүнүктөргө, диний лидерин (имам, молдо, аятолла) дээрлик жаңылбас деп эсептегенге чек коё албаса анда мындай коркунучтар дайыма жандуу кала берет.

Тарых өзгөрөт, саясий кызыкчылыктар өзгөрөт, башкача айтканда өзү мусулман көрүнгөн менен мусулманчылыкка эң чоң зыянды тийгизген агымдардын аты да өзгөрөт. Бирок эч бир учурда заты өзгөрбөй, мусулман ааламы бул илдеттен кутула албайт. Маселенин талуу жери ушул. Илдетти сакайтпасак, анда "Ал-Каида", "Ислам мамлекети" террордук уюмунун, "Талибан" менен жүзүбүз караят. Булар модадан калган соң, эртең башка бир топ келип, дагы деле колдонулуп кала бериши мүмкүн.

Элмурат Кочкор уулу, Түркия

P.S. Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG