Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:34

УКМК камакка алган Нурматов Тажикстандагы элчи кызматына көрсөтүлгөн


Кубанычбек Нурматов.
Кубанычбек Нурматов.

Алдамчылыкка шектелип кармалган Кубанычбек Нурматовдун талапкерлиги Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси кызматына парламенттик комитетте жактырылган. Бул маалыматты 21-сентябрда “Азаттык” радиосуна Жогорку Кеңештин басма сөз катчысы Индира Куралбекова тастыктады.

Парламенттин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитетинде Нурматовдун талапкерлиги 1-сентябрда каралып, колдоо тапкан жана тийиштүү чечим чыккан.

Элчилерди дайындоо тартибине ылайык, комитеттин чечими президентке жөнөтүлөт, мамлекет башчысы жарлыкка кол коет.

“Азаттык” бул боюнча комментарий сурап президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаевге кайрылганда ал маалыматты тактагандан кийин жооп берерин билдирди.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Кубанычбек Нурматов “2013-жылдагы 500 миң долларлык алдамчылыкка шектелип кармалганын" жана ага карата сотко чейинки териштирүү жүрүп жатканын 20-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) билдирген.

55 жаштагы Нурматов 2015-жылдан 2021-жылдын август айына чейин Жогорку Кеңештин “Кыргызстан” саясий партиясынан шайланган депутаты болгон. Ага чейин 2012-2015-жылдары Эсеп палатасынын аудитору болуп иштеген.

20-сентябрда ал атайын кызматтын убактылуу кармоочу жайына камалды.

Нурматовдун тарапкерлери же жактоочулары УКМКнын айыптоосу боюнча комментарий бере элек.

Анын элчиликке талапкерлиги каралган күнү парламенттин эл аралык иштер боюнча комитетинде айрым шаарлардагы башкы консулдарды дайындоо боюнча да маселе талкууланган жана макулдук берилген. Башкалар боюнча президенттин жарлыгы 14-сентябрда чыккан.

Кыргызстандын Тажикстандагы элчилигин 2018-жылдын декабрынан бери Жаныш Рустенбеков жетектеп келе жатат. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG