Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:07

Байден Башкы ассамблеяда климат, пандемия маселеси боюнча чогуу иштөөгө чакырат


Президент Жо Байден. Архивдик сүрөт
Президент Жо Байден. Архивдик сүрөт

АКШнын президенти Жо Байден БУУнун Башкы ассамблеясындагы алгачкы сөзүндө Вашингтон климаттагы өзгөрүүлөр жана COVID-19 пандемиясы өңдүү жалпы адамзат үчүн маанилүү маселелерди чечүүнүн үстүнөн дипломатиялык аракеттерин күч алдырарына токтолот. Байден 76-ассамблеянын биринчи күнүндө, 21-сентябрда чыгып сүйлөйт.

Байден АКШ - Кытай мамилелерине да токтолуп, ал өлкө менен “кансыз согушка” жеткирбөөнү каалай турганын айтат деп күтүлүүдө. Бул тууралуу Вашингтон администрациясындагы расмий адам "Франс пресс" агенттигине билдирди. Маалыматка караганда, Байден Ооганстандагы уруштун аякташы “натыйжалуу америкалык дипломатияга басым жасаган жаңы барактын ачылышына” өбөлгө түзгөнүн да белгилемекчи.

Ассамблеянын трибунасынан биринчи жолу Ирандын президенти Ибрахим Раиси да кайрылганы турат. Анын сөзү алдын ала жаздырылган. 21-сентябрда Кытайдын лидери Си Цзиньпин, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жана өзбек мамлекет башчысы Шавкат Мирзиёев сүйлөшөт. Алардын да сөздөрү буга чейин жаздырылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG