Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:49

Ар бир телефонду каттоого алуу тууралуу мыйзам даярдалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда мобилдик телефондорду идентификациялоо жөнүндөгү мыйзам долбоору талкууланып жатат. Бул тууралуу 21-сентябрда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш комитетинин жыйынында айтылды.

Маалымат технологиялары боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчиси Дастан Догоевдин айтымында, өзгөртүүлөр жөнүндөгү мыйзам кабыл алынса, Интернетке туташтырылуучу телефон же модем сыяктуу техникалык каражаттар өлкөнүн аймагына импорттолуп киргенде милдеттүү түрдө идентификациядан өтөт.

Депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып Догоев жеке маалымат ачыкталып кетерине коркунуч жок экенин айтты:

“Жеке маалыматка тиешеси болбойт. Анткени ал телефон менен жаран колдоно элек болот”.

Догоев мындай чара экстремизмге жана терроризмге каршы күрөшүүгө да жардам берерин кошумчалады.

Жыйында “Электр жана почта байланышы жөнүндө”, “Лицензиялык уруксат системасы жөнүндө” мыйзамдарга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр тууралуу мыйзам долбоору талкууланды.

Мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште быйыл 22-июлда кабыл алынган. Президент каршы пикирин билдирип аны кайра иштеп чыгуу үчүн парламентке жөнөткөн. Догоев долбоор мамлекет башчынын сунуштарын эске алуу менен кайра иштелип чыкканын айтты. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG