Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:01

Пермь: университеттеги куралдуу кол салуу


Пермдеги кол салууга шектелген адам
Пермдеги кол салууга шектелген адам

Орусиядагы Пермь мамлектетик университетинде белгисиз адам ок чыгарып, бир нече адам каза болгону кабарланды. Жараат алгандар дагы бар.

Пермь мамлекеттик университетине белгисиз адам 20-сентябрда эртең менен кирип, туш келди ок аткан. Орусиянын Тергөө комитети окуу жайдагы окуядан сегиз адамдын мерт болуп, бир нече адам жараат алганын кабарлады. Бирок кийинчерээк алты адамдын ажал тапканы белгилүү болду.

Ал эми Ички иштер министрлигинин расмий өкүлү Ирина Волк кылмышка шектүү кармалганын жарыялаган.

“Бүгүн эртең менен полициянын нөөмөт бөлүмүнө Пермь улуттук изилдөө институтунун аймагында ок атуунун үнү угулуп жатканы боюнча маалымат келип түшкөн. Алдын-ала маалымат боюнча, каза болгондор жана жараат алгандар бар. Окуя болгон жерге дароо полиция жана башка күч органдарынын кызматкерлери барды. Жүргүзүлгөн операциянын жыйынтыгында кол салган адам кармалды”.

Бирок Орусиядагы айрым маалымат каражаттары кылмышка шектүү кармоо учурунда өлтүрүлгөнүн жазышкан. Кийинчерээк Пермь крайынын губернатору Дмитрий Махонин “шектүүлөрдүн бири жок кылынганын” ырастап, анын өнөктөштөрү делгендер боюнча маалыматтар такталып жатканын билдирген.

Аскер кийимчен автомат көтөргөн белгисиз адам жергиликтүү убакыт боюнча саат 11:00дөрдө окуу жайдын кампусуна кирип, ок чыгарган. Андан соң университеттин окуу корпустарынын бирине кирип барып аткылаган. Телеграмм-каналдарда университеттин терезесинен жандалбастап секирип жаткан адамдардын видеолору таратылып жатат.

59.ru басылмасы “ВКонтакте” социалдык тармагында шектүү делген адамдын кайрылуусун жарыялады. Ал Тимур Бекмансуров аттуу адам экени, кол салууга көп убакыт даярданганын көрүүгө болот. Шектүү окуу жайдын студенти болушу мүмкүн. Анын эмне себептен мындай кадамга барганы расмий айтыла элек.

Москвадан 1400 чакырым алыстыктагы Пермь университетинин жетекчилиги окуу убактылуу токтотулганын кабарлады. Бул кол салуу Орусияда акыркы төрт айдагы экинчи кандуу кылмыш болуп калды.

2004-жылы Түндүк Осетиянын Беслан шаарындагы 330дан ашык адамдын өмүрүн алган мектептеги терактыдан соң билим берүү мекемелериндеги коопсуздукка өзгөчө көңүл бурулганы айтылып келген.

Буга карабай май айында Татарстандагы мектептердин бирине кирип барган Ильназ Галявиев аттуу жаран туш келди ок чыгарып, тогуз адамды өлтүргөн. Алардын жетөө окуучу, экөө мугалим болчу. Психиатриялык экспертизадан кийин Галявиев психикалык ооруулу экени аныкталган.

Мындан соң Орусияда курал сатууга көзөмөлдү күчөтүү боюнча демилгелер көтөрүлгөн эле.

"Атаандашсыз шайлоодо" алдыга чыккан "Бирдиктүү Орусия"

Пермдеги университеттеги окуя Орусияда Мамлекеттик Думага жана аймактык шайлоолордун жыйынтыгы чыгарылып жаткан учурга туш келди. 17-сентябрдан тарта үч күнгө созулган шайлоонун жыйынтыгында президент Владимир Путин колдогон “Бирдиктүү Орусия” партиясы добуштардын дээрлик 49 пайызын алып, алдыга чыкканы белгилүү болду.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, Коммунисттик партия 20,25%, Либерал-демократиялык партия 7,7% ашык, “Адилеттүү Орусия” 7,4 жана “Жаңы адамдар” партиясы 5,5% добуш алды. Булардын алдыңкы төртөө мурдагы чакырылышта дагы болгон, ал эми “Жаңы адамдар” алгач ирет Мамдумага келип отурат.

Оппозиция жана көз карандысыз маалымат каражаттары добуш берүүнүн жүрүшүндө абдан көп мыйзам бузуулар, бурмалоолор болгонун айтып чыгышты.

Абактагы саясатчы Алексей Навальныйдын командасы иштеп чыккан “Акылдуу добуш берүү” тиркемеси жана ал туташтырылган 50гө жакын сайт жабылып калды. Көз карандысыз байкоочуларга, журналисттерге басым болду.

Оппозициячыл саясатчы Илья Яшин шайлоого чыныгы атаандаш болгон күчтөр катыштырылбаган шартта да бийлик административдик ресурстарды колдонуп, араңдан-зорго өз партияларын өткөргөнүн билдирди:

“Бийликтин партиясынын тарыхта болуп көрбөгөндөй рейтинги төмөн болуп жаткан шартта каалаган жыйынтыкка жетиш үчүн административдик ресурсту колдонууга туура келет. Оппозицияга абдан катуу басым болгонуна карабай бийликтин планы ишке ашпашы үчүн аракет кылдык. Бул шайлоодон кандайдыр бир үмүт деле жок. Анткени, бюллетендерге жарандардын чыныгы каалоосун чагылдырган саясий күч киргизилген жок”.

Орусиядагы оппозициянын лидери саналган Алексей Навальныйга байланышкан бардык күчтөрдү бийлик экстремисттик деп атап, шайлоого катышууга уруксат берген эмес.

Анткен менен Орусиянын бийлиги бул шайлоону таза өттү деп жарыялоодо. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Элла Памфилова оппозиция менен жарандык коомдун өкүлдөрүн маалыматтык чабуул жасап жатат деп сындады:

“Урнага топ-тобу менен бюллетен салышты деп жарандардын элементарлуу добуш бергенин атап жатышат. Алар мыйзамга ылайык тогузга чейин бюллетен алып, добуш беришти”, - деди ал.

Бул күндөрү Мамлекеттик дума менен катар жергиликтүү парламент жана аймактардын губернаторлоруна да шайлоо өттү. Анын жүрүшүндө да абдан көп мыйзам бузуулар жөнүндө маалыматтар келип түшүп жатат.

Коммунисттик партиянын лидери Геннадий Зюганов да шайлоо ыплас өткөнүн айтып, сындап чыкты.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG