Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:04

Пермь университетиндеги атышуу алты кишинин өмүрүн алды


Пермь университетинин алдына чогулгандар.
Пермь университетинин алдына чогулгандар.

Пермь мамлекеттик университиндеги атышууда алты киши каза болгонун Тергөө комитети билдирди. Ок чыгарган кылмышкер жок кылынды.

Ал университеттин корпустарынын бирине бүгүн, 20-сентябрда күндүзгү саат 11:00 чамаларында кирип барып, туш келди ок чыгарган. РЕН ТВ каналы жарыялаган видеодо экинчи кабаттан секирип жаткан адамдарды көрүүгө болот.

12 миңдей студент билим алган Пермь университетинде сабактар бул күнү токтотулду.

Бул соңку төрт айдан бери Орусиянын билим берүүчү жайларында катталган экинчи ушундай окуя.

Май айында Татарстандагы мектептердин бирине кирип барган Ильназ Галявиев аттуу жаран туш келди ок чыгарып, тогуз адамды өлтүргөн. Алардын жетөө окуучу, экөө мугалим болчу. Психиатриялык экспертизадан кийин Галявиев психикалык жактан жабыркары аныкталган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG