Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:37

Туйгунаалы Абдраимов "мыйзамсыз баюу" иши боюнча сурак берип жатканы кабарланды


Туйгунаалы Абдраимов.
Туйгунаалы Абдраимов.

Чүй облусунун мурдагы башчысы, БШКнын экс-төрагасы Туйгунаалы Абдраимов бүгүн 20-сентябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлерине сурак берип жатканын “Азаттык” радиосуна уулу Элмурат Абдраимов билдирди:

“Азыр ал суракта. Бир саат болуп калды. Үйүндө жана кеңсесинде тинтүү болду. “Мыйзамсыз баюу” деген негизде сотко чейинки териштирүү жүрүп жатканын, ошол боюнча кармап кетишкенин айтышты”.

Атайын кызмат бул боюнча азырынча расмий маалымат бере элек.

Өткөн аптада, 15-сентябрда Абдраимов Ички иштер министрлигинде (ИИМ) да суракта болгон. Ал маданият ишмерлеринин президентке митингдерди токтотуу тууралуу кайрылуусу деген кат боюнча сурак берип чыкканын журналисттерге айткан. (MTa/RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG