Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:52

Пермь университетиндеги атышуудан каза тапкандар бар


Пермь мамлекеттик университетинин имараты.
Пермь мамлекеттик университетинин имараты.

Орусиянын Пермь мамлекеттик университетинин имаратында белгисиз адам туш келди ок чыгарып, ондон ашык киши жабыркады. Ок чыгарган шектүү кармалганы кабарланды.

РБК маалымат агенттиги өз булактарына таянып, 20-сентябрдагы окуяда үч киши көз жумганын жазган. Ал эми 112 телеграм-каналы беш адам каза болгонун кабарлады.

РЕН телеканалы жарыялаган видеодо кишилер экинчи кабаттан секирип жатканын көрүүгө болот.

Университет жетекчилиги социалдык тармактардагы баракчалары аркылуу студенттерди эшиктерди жаап, көчөгө чыкпоого чакырды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG