Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:17

Президент ишкерликти колдоо улантыларын билдирди


Президент Садыр Жапаров Кыргызстандагы бизнес чөйрөнү колдоо жаатында мамлекеттик органдарга милдеттер коюлганын билдирип, ишкерликке жагымдуу шарттарды түзүү улантыларын билдирди. Бул тууралуу 20-сентябрда Ишкерлер күнүнө байланыштуу жолдогон куттуктоосунда белгилеп, тийиштүү жарлыктарды чыгарганын кошумчалады.

"Мамлекет ченемдик укуктук базаны жакшыртуу жана инвестиция тартуу аркылуу чакан жана орто бизнеске жардам берет деп ишендиргим келет",- деди Жапаров.

Ишкерлер өлкө экономикасын көтөрүүгө олуттуу салым кошуп жатканын айткан мамлекет башчысы коронавирус пандемиясынын бизнеске терс тийгизгенине токтолду.

Кыргызстандын ички дүң өнүмү (ИДӨ) 2021-жылдын январь-августунда 405 миллиард сомду түзүп, өткөн жылдын сегиз айына салыштырмалуу 0,7% азайды.

Бул сан өлкөнүн экономикасы пандемия башталгандан бери төмөндөп отуруп, бир жарым жылдын ичинде нөлдүк өсүшкө да жетепегенин билдирет. Бирок өткөн жылдын март айынан берки эң жакшы көрсөткүч.

Улуттук статистика комитеттин маалыматына ылайык, жыл башынан бери өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 7,3% азайган. (SE)

XS
SM
MD
LG