Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:37

COVID-19: Индия вакцинанын экспортун жандантат


Индияа чыгарылган вакцина.
Индияа чыгарылган вакцина.

Индия октябрдан тарта коронавирука каршы вакцинанын экспортун жандантат. Апрелде өлкөнүн өзүндө COVID-19 илдетинин учурлары көбөйгөндө бул жараян токтоп калган эле. Саламаттык сактоо министри Мансух Мандавиянын айтымында, өкмөт индиялыктарды эмдөөгө артыкчылык берет, бирок ашыкча дозалар коронавируска каршы глобалдык күрөштөгү милдеттенмелерди аткарууга жумшалмакчы.

Вакцинанын дүйнөдөгү эң ири өндүрүүчүсү Индия БУУ түзгөн COVAX долбооруна чоң салым кошот деп күтүлүүдө. Өлкө быйыл январда COVID-19га каршы вакциналарды экспорттой баштаган, бирок апрелде убактылуу токтотуп койгон. Мандавия ошондон бери Индия вакцинанын өндүрүшүн эки эсеге көбөйткөнүн, эмки айда 300 миллион доза чыгарыларын айтты.

Ал эми Вьетнамда 21-сентябрдан тарта пандемияга байланышкан айрым чектөөлөр алына баштады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG