Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:07

Мамлекеттик Думага беш партия өттү


Орусиянын Борбордук шайлоо комиссиясы. Москва, 19-сентябрь, 2021-жыл.
Орусиянын Борбордук шайлоо комиссиясы. Москва, 19-сентябрь, 2021-жыл.

Орусиянын Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) шейшемби күнү эртең менен Мамлекеттик Думага шайлоонун бардык бюллетендерин санап чыкканын билдирди.

Алдын ала жыйынтыкка ылайык, “Бирдиктүү Орусия” партиясына добуштардын дээрлик 50 проценти (49,8) тийди. КПРФ – 19, ЛДПР– 7 жарым проценттен бир аз ашыгырак, “Адилет Орусия” – 7 жарым процентке жакын добуш алды. Думага 2003-жылдан бери алгачкы жолу дагы бир партия – “Жаңы адамдар” кирди.

Бир мандаттуу чөлкөмдөрдө "Бирдиктүү Орусиянын” талапкерлери басымдуу көпчүлүгүндө же 198синде жеңди.

Шайлоого добуш берүүчүлөрдүн 52 проценти катышканы маалымдалды. Парламенттик шайлоонун соңку жыйынтыгы 24-сентябрда жарыяланмакчы.

Ошентип, Кремлдин колдоосуна ээ болгон «Бирдиктүү Орусия» партиясы Думада конституциялык көпчүлүктү сактап каларын азыртадан эле айта берсе болот. Аларга парламенттин төмөнкү палатасында 300дөн кем эмес мандат тиет.

Оппозиция үч күндүк өнөктүк маалында бир топ мыйзам бузуу катталып, байкоочуларды Думага шайлоодо биринчи жолу колдонулган электрондук добуш берүү өзгөчө күмөн санатканын айтууда. Анын Москвадагы жыйынтыгын жарыялоо улам жылдырылып, дүйшөмбү күнү түштөн кийин гана шардана кылышты.

Ал эми БШК көп киши алыстан добуш бергендиктен бюллетендерди саноого убакыт көбүрөөк кеткенин билдирди.

КПРФ Москвадагы электрондук добуш берүүнүн жыйынтыгын таануудан баш тартты.

Шейшембиде ошондой эле баш калаада шайлоодогу бурмалоолорго каршы акция өттү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG