Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:50

Нурматовду элчиликке сунуштоо маселеси каралбай жаткан себеп айтылды


Кубанычбек Нурматов.
Кубанычбек Нурматов.

Президенттин администрациясы экс-депутат Кубанычбек Нурматовду Тажикстанга элчилик кызматка сунуштоо маселесин ага байланыштуу окуянын чоо-жайы такталып бүткөнчө карабай турган болду. 21-сентябрда президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев “Азаттыкка” бул тууралуу төмөнкүдөй комментарий берди:

“Тышкы иштер министрлиги Жогорку Кеңеште зарыл болгон макулдашуу жол-жоболорун ишке ашырып, президенттин администрациясынын тиешелүү бөлүмүнүн кароосуна киргизген. Бирок форс-мажор жагдайга байланыштуу маселени кароо окуянын чоо-жайы такталганга чейин жылдырылды. Мындан аркы аракеттер тергөөнүн жыйынтыгынан жана соттун чечиминен кийин көрүлөт”.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Кубанычбек Нурматов “500 миң долларлык алдамчылыкка (2013-жылы) шектелип кармалганын" жана ага карата сотко чейинки териштирүү жүрүп жатканын, убактылуу кармоочу жайга камалганын 20-сентябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) билдирген.

Анын талапкерлиги Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси кызматына парламенттин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитетинде быйыл 1-сентябрда жактырылганы, колдоо тууралуу чечим чыкканы жөнүндөгү маалыматты 21-сентябрда “Азаттык” радиосуна Жогорку Кеңештин басма сөз катчысы Индира Куралбекова тастыктаган.

Элчилерди дайындоо тартибине ылайык, комитеттин чечими президентке жөнөтүлөт, мамлекет башчысы жарлыкка кол коет.

55 жаштагы Нурматов 2015-жылдан 2021-жылдын август айына чейин Жогорку Кеңештин “Кыргызстан” саясий партиясынан шайланган депутаты болгон. Ага чейин 2012-2015-жылдары Эсеп палатасынын аудитору болуп иштеген.

Нурматовдун тарапкерлери же жактоочулары УКМКнын айыптоосу боюнча комментарий бере элек.

Кыргызстандын Тажикстандагы элчилигин 2018-жылдын декабрынан бери Жаныш Рустенбеков жетектеп келе жатат. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG