Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:39

ТИМ шайлоого байланыштуу чет өлкөлүк журналисттерди аккредитациядан өткөрүүдө


Тышкы иштер министрлигинин имараты.
Тышкы иштер министрлигинин имараты.

Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) 28-ноябрга белгиленген Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону чагылдыруу үчүн чет өлкөлүк журналисттерди аккредитациядан өткөрүп баштады. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Чет өлкөлүк жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү Тышкы иштер министрлигинин маалымат департаменттинин press@mfa.gov.kg электрондук почтасына “Шайлоо 2021” деген белги менен документтерин жөнөтүшү керек.

Жалпыга маалымдоо каражатынын жетекчисинин кол тамгасы менен жазылган кат (жөнөтүлүп жаткан кабарчылардын, техникалык кызматкерлердин аты-жөнү, аккредитациялоо мөөнөтү жана максаты), көрсөтүлгөн ЖМК тууралуу маалымат, паспорттун сканирленген көчүрмөсү, электрондук түрдөгү 3*4 форматындагы сүрөт талап кылынат. Бул документтердин топтому 2021-жылдын 1-ноябрына чейин кабыл алынат.

Министрлик кайрылууну карап чыгып, журналисттерди аккредитациялоо же болбосо баш тартуу жөнүндө чечим чыгарат.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрга белгиленген. Жогорку Кеңеш 90 депутаттан турат, беш жылдык мөөнөткө шайланат. 90 депутаттын 54ү партиялык тизмеден, 36сы бир мандаттуу аймактардан шайланып келет. (BTo)

XS
SM
MD
LG