Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:24

Алматы: сот аткаруучуларга атылган ок беш кишинин өмүрүн алды


Акбулакта атышуу болгон үйдүн жаны. Алматы, 21 -сентябрь, 2021 -жыл.
Акбулакта атышуу болгон үйдүн жаны. Алматы, 21 -сентябрь, 2021 -жыл.

Дүйшөмбүдө Казакстандын Алматы шаарында болгон атышууда беш киши каза болгонун полиция департаменти билдирди. 54 жаштагы жаран аны үй-бүлөсү менен жашаган жеринен мажбурлап чыгарууга келгендерге ок аткан.

Алматы шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Канат Таймерденов 21-сентябрдагы басма сөз жыйынында шаардын Акбулак кичи районунда болгон окуяга байланыштуу, "адам өлтүрүү" жана "бийлик өкүлдөрүнө кол салуу" беренелери боюнча кылыш иши козголгонун кабарлады.

"Мамлекеттик кызматкерлерге кол салуу боюнча экинчи кылмыш иши ачылды. Шектүү кармалды, ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда аны суракка алуу уланууда. Курал да табылды. Бул боюнча тергөө экспертизалары дайындалды".

Таймерденов шектүү эмне себептен бул жолго барганын айта алган жок. Кылмыш болгон жерге "кошумча" экспертиза жөнөтүлгөнүн, курал шектүүгө таандык экенин, ага уруксат алынганын кошумчалады. Ал эми казакстандык маалымат каражаттары ок карабин мылтыгынан атылганын жазып чыгышты. Шейшембиде алматылык жаран эки полиция кызматкери, сот аткаруучу жана эки жаранга ок аткан.

Окуя 20-сентябрда кечки саат бештер чамасында болгон. Эки полиция кызматкери, сот аткаруучу жана эки жаран соттун чечими менен үйүн алдырып жиберген алматылык жарандын үйүнө келишкен. 54 жаштагы жаран аны үй-бүлөсү менен жашаган жеринен мажбурлап чыгарууга келгендерге каршы чыгып, ок аткан.

Каза болгон эки жайкын тургун, талашка түшкөн мүлктүн жаңы ээси жана күбө катары келген киши экени айтылууда. Эгерде шектүүнүн күнөөсү далилденсе, 20 жылга чейин же өмүр бою эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Полиция Алматыда атышуу болгон үйдүн жанында турат.
Полиция Алматыда атышуу болгон үйдүн жанында турат.

Таймерденов брифингде шектүү мурда соттолбогонун, атышуу учурунда үйдө жети киши, анын ичинде жашы жете элек үч бала болгонун кабарлады.

Деген менен полиция кызматынын жетекчиси каза болгон жергиликтүү полиция кызматкерлеринин жанында кызматтык курал болгонун айтты. Бирок алар аны колдонууга үлгүрбөй, окко учушкан.

Каза болгон полиция кызматкерлеринин бири, участкалык инспектор Дархан Сулеевдин артында жашы жете элек беш баласы, ал эми аймактык полиция кызматкери Нурбол Байгазиевдин эки баласы калганы белгилүү болду.

Жергиликтүү Polisia.kz басылмасы Алматы мэриясы каза болгон полиция кызматкерлеринин үй-бүлөлөрүн турак жай менен камсыздарын маалымдады.

Казакстандык Orda.kz басылмасынын маалыматы боюнча, окуяга шектүү 54 жаштагы жаран бир нече жыл мурун банктан насыя алып, кыймылсыз мүлкүн күрөөгө койгон. Төлөй албагандан кийин, банк мүлктү тартып алган.

Шейшембидеги жыйында казак аткаминерлерине "Банктын аракеттери боюнча иликтөө барбы" деген суроо берилди. Ал соболго Канат Таймерденов "муну мекемелер аралык топ аныктайт" деп жооп берди.

"Азаттыктын" казак кызматы кабарлагандай, окуя болгон кичи район дагы эле курчоого алынып турат.

Казакстанда насыясын төлөй албай калып, сотто утулуп калгандарды күчтөп чыгарган учурлар соңку жылдары көп катталып келет.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG