Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:14

Алматыдагы атышууда беш киши каза болду


Алматы шаарындагы атышуу болгон жерде тартылган сүрөт.
Алматы шаарындагы атышуу болгон жерде тартылган сүрөт.

Казакстандын Алматы шаарында болгон атышууда беш киши каза болгонун полиция департаменти билдирди.

Окуя эки полиция кызматкери, сот аткаруучу жана эки жаран соттун чечими менен үйүн алдырып жиберген адамдын үйүнө келгенде болгон. 54 жаштагы жаран аны үй-бүлөсү менен жашаган жеринен мажбурлап чыгарууга келгендерге ок аткан.

«Кылмышка шектүү кармалып, кырдаал көзөмөлдө»,-деп билдирди полиция.

Башка жабыркагандар тууралуу маалымат жок.

Казакстанда насыясын төлөй албай калып, сотто утулуп калгандарды күчтөп чыгарган учурлар соңку жылдары көп катталып келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG