Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:56

Украинада коронавирустан улам өзгөчө абал режими узартылды


Медкызматкерлер коронавирус менен ооруган бейтапты алып баратышат. Киев.
Медкызматкерлер коронавирус менен ооруган бейтапты алып баратышат. Киев.

Украина өкмөтү коронавирус менен күрөш уланып жатканына байланыштуу өзгөчө абал режимин жыл соңуна чейин узартты.

20-сентябрда өкмөт билдиргендей, ушул аптада эпидемиянын «сары» деңгээли жарыяланат. Ага ылайык, коомдук жайларда топтологон адамдардын санына чектөө киргизилет, жарандар беткап кийип жүрүүгө жана бардык санитардык чараларды сактоого милдеттендирилет.

Соңку жумада Украинада коронавируска чалдыккандардын саны 68%, ал эми ооруканага түшкөндөрдүн саны 51% көбөйгөн.

Пандемия башталгандан бери коронавирус 55 миңдей адамдын өмүрүн алды. Украинадагы 41 миллион адамдын беш миллиондон ашууну толук эмделди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG