Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:36

Бийликчил «Бирдиктүү Орусия» партиясы шайлоодо жеңгени жарыяланды


Орусияда бюллетендерди санап жаткан комиссия мүчөлөрү. 19-сентябрь, 2021-жыл.
Орусияда бюллетендерди санап жаткан комиссия мүчөлөрү. 19-сентябрь, 2021-жыл.

Кремлдин колдоосуна ээ «Бирдиктүү Орусия» партиясы шайлоодо жеңгенин жарыялап, Мамлекеттик думадагы орундардын үчтөн экисин алганын билдирди.

Оппозиция үч күнгө созулган шайлоо мыйзам бузуулар менен коштолгонун белгилеп жатат.

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун байкоочулары орус бийлигинин чектөөлөрүнөн улам 1993-жылдан бери биринчи жолу добуш берүүгө байкоо жүргүзө алышкан жок.

Добуштардын 90% саналгандан кийин «Бирдиктүү Орусия» партиясы 49,66% алганын Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди. Коммунисттик партияны шайлоочулардын 19,56% колдоду. Ал эми Либерал-демократиялык партия 7,5% алса, «Адилеттүү Орусия» 7,38% топтой алды. Ошондой эле бул ирет «Жаңы адамдар» партиясы добуштардын 5,3% менен Мамлекеттик думага өттү.

Оппозиция лидери Алексей Навальныйга жан тарткан көптөгөн активисттерди бийлик шайлоого чейин эле куугунтуктап, айрымдарын камап, кээ бирлерин өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз кылган.

Навальныйдын штабдарын "экстремисттик уюмдардын" тизмесине киргизип, саясатчынын өнөктөштөрү шайлоого катышкан эмес.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG