Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:15

"Кыргыз темир жолу" Кытайдын компаниясы менен кызматташат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

"Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасы менен Кытайдын темир жол компаниясынын ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду.

Бул документ Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече темир жолун куруу, Турксиб (Луговая) -Балыкчы темир жолун электр менен камсыздоо, “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын стратегиялык өнүгүү планын ишке ашыруу максатын көздөйт.

Аталган мекемеден 22-сентябрда кабарлашкандай, жакында "Кытай темир жолдорунун №3 инженердик корпорациясынын" адистери Кыргызстанга келип, долбоорлорду ишке ашырууну талкуулашат.

"Кыргыз темир жолу" ишканасы Балыкчы-Кара-Кече темир жолунун курулушунун техникалык-экономикалык негиздемесинин долбоорун жаңылаш үчүн тендерди 2021-жылдын январында жарыялаган. Ишкана долбоорду жаңылоого 110 млн. сом төлөп берери расмий кабарланган. Балыкчыдан Кара-Кече көмүр кенине чейинки темир жолдун узундугу 186 км. болот.

XS
SM
MD
LG