Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:34

Кара-Кече-Балыкчы темир жолунун экономикалык негиздемесин жаңылоого 110 млн. сом коротулат


Кара-Кече көмүр кени. Архив.
Кара-Кече көмүр кени. Архив.

«Кыргыз темир жолу» ишканасы Балыкчы-Кара-Кече темир жолунун курулушунун техникалык-экономикалык негиздемесинин долбоорун жаңылаш үчүн тендер жарыялады. Ишкана долбоорду жаңылоого 110 млн. сом төлөп берет. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуу порталында жарыяланды.

Курулуштун долбооруна ылайык Балыкчыдан Кара-Кече көмүр кенине чейинки темир жолдун узундугу 186 чакырымды түзөт. 2020-жылы август айында Транспорт жана жол министрлиги аталган маршрутта темир жол куруу боюнча өкмөттүн токтомунун долбоорун коомдук талкууга алып чыккан. Анда бул долбоор социалдык-экономикалык мааниге ээ экени, Кара-Кече кенинен Бишкек Жылуулук электр борборуна жана жарандарга көмүр ташып келүүдө чыгымды азайтып, баасын арзандатууга багытталганы айтылган.

Бул долбоорду 2019-жылы Транспортту өнүктүрүү жана экономика институту орусиялык стандарттарга ылайык эсептеп чыккан. Ага ылайык Балыкчы-Кочкор темир жолунун бир чакырымдык курулушунун баасы 5,3 млн. доллар болгон.

Ал эми алгачкы долбоорун 1992-жылы казакстандык «Транспроект-К» ишканасы даярдаган. Ушул эле компания долбоордун техникалык экономикалык негиздемесин 2001 жана 2015-жылдары да эсептеген. Анда темир жолдун бир чакырымынын баасы 5,2 млн. долларды түзгөн.

Жогорудагы эки долбоордун эсеби боюнча Балыкчы – Кара-Кече темир жолунун курулушу болжол менен 967 млн. доллар турат. «Кыргыз темир жолу» ишканасы Кара-Кече - Балыкчы темир жолунун курулушу качан башталарын билдирген эмес.

Кыргызстан жылына 2,5 млн. тонна көмүр керектейт. Анын жарымынан көбү Кара-Кече кенинен ташылып келет. Бирок, кыргыз бийлиги Бишкекти каптаган ыштын себеби катары Кара-Кечеден ташылган көмүрдүн сапатын атап, ЖЭБди жана конуштарды газга өткөрүү боюнча демилге көтөрүп жатат. (TSh)

XS
SM
MD
LG