Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:19

Конституциялык кеңешмеде долбоордогу «улуту» графасы боюнча талаш чыкты


Жалпы жарандык паспорт.
Жалпы жарандык паспорт.

Конституциялык кеңешме кезектеги жыйынында Баш мыйзамдын долбоорунун 31-беренесине «улуту» графасы аркылуу улутун көрсөтүү боюнча демилге колдоо тапкан жок. Кеңешменин көпчүлүк мүчөлөрү бул жобо мыйзамдар менен жөнгө салынганын белгилешти. Алардын бири, парламенттин мурдагы депутаты Эсенгул Исаков мындай деди:

«Толук алып салыш керек дегеним, жакында эле «паспортто улуту көрсөтүлөт» деген кирди. Ар бир жаран өзү паспорт алып жатканда укугу бар, өзү айтып жаздырып алат. Азыр Конституцияга майдалап жазып алсак, башкача чечмелеп алгандар бар. Улутчулдар пайдаланып кетет. Ар бир жарандын «кыргыз» деп жаздырып алууга укугу бар».

Премьер-министрдин милдетин аткарган вице премьер-министр Артем Новиковдун 15-декабрда кол койгон чечимине ылайык, мындан ары кыргызстандыктар өз каалоосу менен улуту тууралуу маалыматты паспорттун сыртына коштура алышат.

Кыргызстанда жаңы үлгүдөгү ички паспорт (ID карта) 2017-жылы бериле баштаган. Анда жарандын улуту тууралуу маалымат картанын бетине эмес, ичиндеги электрондук чипте көрсөтүлгөн. Ага чейинки үлгүдөгү паспортто улуту ачык жазылчу. (TSh)

XS
SM
MD
LG