Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:04

Жапаровдун инаугурациясына Отунбаева менен Жээнбеков чакырылды


Садыр Жапаров, шайланган президент.
Садыр Жапаров, шайланган президент.

Бишкекте 28-январда өтчү шайланган президент Садыр Жапаровдун салтанаттуу ант берүү аземине экс-президенттер Роза Отунбаева менен Сооронбай Жээнбеков чакырылды.

Бул тууралуу «Азаттыкка» президенттин басма сөз катчысы Галина Байтерек билдирди:

«Биз экс-президенттердин баарына, анын ичинде Отунбаева менен Жээнбековго чакыруу жибердик. Алмазбек Атамбаев белгилүү себептер менен келе албайт да. Ошондой эле шайланган президент Садыр Жапаров өзү менен чогуу шайлоодо ат салышкан бардык атаандаштарын да инаугурацияга чакырды. Ал өзү бардык саясий күчтөрдү биригүүгө үндөп жатпайбы».

Президенттик шайлоодо жеңишке жеткен Садыр Жапаровдун инаугурациясы 28-январда Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда өтөт.

Ага байланыштуу 21-январда президенттин милдетин аткарып жаткан спикер Талант Мамытовдун жарлыгы менен инаугурацияны даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу тобу түзүлгөн. (BCh)

XS
SM
MD
LG