Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:31

Президенттин басма сөз катчысы инаугурация күнү артиллерия колдонуу маселеси боюнча маалымат берди


Галина Байтерек.
Галина Байтерек.

Президенттин басма сөз катчысы Галина Байтерек жаңы шайланган мамлекет башчысынын кызматка киришүү аземинде артиллериялык аскер техникасын колдонуу маселесине комментарий берди.

Галина Байтеректин 23-январда жарыяланган билдирүүсүндө “Баарыңыздарга белгилүү болгондой, инаугурация аземи мамлекеттик деңгээлдеги иш-чара. Президенттик кызматка киришүү менен ал өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн Башкы колбашчысы болот. Андыктан артиллериялык аскер техникасын колдонуу – аталган иш-чаранын белгилеринин бири жана кеңири таралган тажрыйба. Артиллериялык түзүмдөр, кандай болгон күндө дагы, күндөлүк режимде аскердик даярдык деңгээлин кармоого тартылгандыктан, ашыкча чыгымдарды талап кылбастыгын баса белгилей кетүү керек. Аскерлерди даярдоо планына ылайык, артиллериячылар аскер даярдыгы боюнча пландык машыгууларды өткөрөт. Андан улам бул учурда кошумча эч кандай чыгымдар болбойт”, - деп белгиленди.

Буга чейин «Шаар парктары» ишканасынын жетекчиси Калича Умуралиева Бишкектин Октябрь райондук акимчилигине 25-январда Дайыр Асанов атындагы паркка артиллериялык аскердик техника кирери тууралуу жазылган каттын сүрөтүн жарыялап, бул маалымат интернеттеги социалдык түйүндөрдүн айрым колдонуучуларынын нааразылыгын жараткан.

Жаңы шайланган президент Садыр Жапаровдун инаугурациясы 28-январда өтөт. (RK)

XS
SM
MD
LG