Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:24

УКМК: «Кыргыз темир жолунун» мурунку бөлүм башчысы 11 млн. сом чыгымды төлөдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) «Кыргыз темир жолу» ишканасынын Түштүк бөлүмүнүн мурунку жетекчиси (Ю.Б.К.) мамлекетке келтирилген 11,7 млн. сом чыгымды төлөп үй камагына чыгарылганын кабарлады.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, ишкананын Түштүк бөлүмүнүн мурунку жетекчиси мамлекеттик сатып алуудан казынага 11,7 млн. сом чыгым келтирген. Факт Жазык кодексинин 205-беренеси («Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу») менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө башталган. Шектүү Биринчи май райондук сотунун чечими менен УКМКнын тергөө абагына 14-февралга чейин камалган болчу.

УКМКнын маалыматы боюнча, «Кыргыз темир жолу» ишканасынын Түштүк бөлүмүнүн мурунку жетекчиси коюлган айыпты мойнуна алып, чыгымды төлөп берүүгө макул болду. Атайын кызмат чыгымын төлөп, камактан бошотулган кызматкердин аты-жөнүн баш тамгалары менен белгилеп, аны толук атаган жок.

Ачык маалыматтарга караганда «Кыргыз темир жолунун» Түштүк бөлүмүн мурдараак Бахтияр Юнусов жетектеп турган. (TSh)

XS
SM
MD
LG