Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:56

Конституциялык кеңешме: Долбоорго сөз эркиндигин коргогон жоболор кирди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Сунушталып жаткан Конституциянын долбоорунда «сөз эркиндигин чектеген мыйзамдар кабыл алынбайт» деген берене киргизилди. Бул тууралуу Конституциялык кеңешменин адам укуктары жана эркиндиги боюнча секциясынын жетекчиси Нурлан Шерипов билдирди.

Ал Баш мыйзамдын жаңы долбоорунда адам укуктары боюнча жоболор 45 беренеден, алты баптан (глава) турарын 26-январда кеңешменин жыйынында айтты.

Ошондой эле секцияга жетим-жесирлердин укуктарын коргогон, пенсионерлер менен жөлөк пул алгандардын укуктарын кеңейткен беренелер киргизилгенин кошумчалады.

«Сөз эркиндигин камсыз кылуу боюнча бир катар укуктук ченемдер киргизилди. Сөз эркиндигин чектөөгө тыюу салынат. «Сөз эркиндигин жана жалпыга маалымдоо каражаттарын чектеген мыйзамдар кабыл алынбайт» деген, сөз эркиндигин колдогон укуктук ченемдер киргизилди», - деди ал.

Бишкекте Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча иштеп жаткан Конституциялык кеңешме кезектеги жыйынын өткөрүп жатат.

Конституциялык кеңешме Баш мыйзамдын долбоорунун биринчи варианты иштелип чыкканын былтыр 11-декабрда кабарлаган. Кеңешме долбоордун акыркы варианты иштелип чыккан соң аны Жогорку Кеңешке жиберүүгө тийиш. Андан кийин парламент аны референдумга алып чыгуу боюнча демилге көтөрүшү мүмкүн.

Жогорку Кеңеш Баш мыйзамдын жаңы долбоорун 2020-жылы 17-ноябрда коомдук талкууга чыгарган. Башында ал долбоорду 10-январда президенттик шайлоо менен кошо референдумга коюу сунушталган. Коомчулуктун көптөгөн сын-пикирлеринен кийин референдумга мамлекеттик башкаруу формасын өзгөртүү маселеси гана киргизилген.

Буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдум быйыл апрель айында жергиликтүү кеңештерге шайлоо менен кошо өткөрүлүшү ыктымал экенин билдирген. Былтыр октябрь окуяларынан кийин өлкөдө бийлик алмашканда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо дайындалып, аны менен кошо Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум 10-январда өттү.

БШКнын расмий жыйынтыгына караганда, референдумда добуш бергендердин 81% президенттик башкаруу формасын колдоду. (BTo)

XS
SM
MD
LG