Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:16

Бөрүбашев: Президенттин аппарат башчысы министрлер кабинетин да жетектейт


Өкмөт Үйүнүн имараты. Архив.
Өкмөт Үйүнүн имараты. Архив.

Сунушталып жаткан Баш мыйзамдын долбоору боюнча министрлер кабинетинин төрагасы бир эле учурда президенттин аппаратынын жетекчисинин да кызматын аркалайт. Бул тууралуу Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча иштеп жаткан Конституциялык кеңешменин жыйынында айтылды. Конституциялык кеңешменин төрагасы Бекбосун Бөрүбашев мунун себебин мындайча түшүндүрдү:

«Эң биринчи себеби - биз президенттик башкарууга бара жатабыз. Ошон үчүн президент өзүнүн администрациясы менен жоопкерчиликти алат. Экинчи себеби - азыркы учурда көп маселе «Ак үйдүн» аппаратында чечилет. Бирок жооп берген дайыма өкмөт болуп келген. Кош бийлик түзүлүп калбасын деп жатабыз. Өкмөт деген жок, министрлер кабинети болуп калат».

Конституциялык кеңешме Баш мыйзамдын долбоорунун биринчи варианты иштелип чыкканын былтыр 11-декабрда кабарлаган. Кеңешме долбоордун акыркы варианты иштелип чыккан соң аны Жогорку Кеңешке жиберүүгө тийиш. Андан кийин парламент аны референдумга алып чыгуу боюнча демилге көтөрүшү мүмкүн.

Негизи, Жогорку Кеңеш Баш мыйзамдын жаңы долбоорун 2020-жылы 17-ноябрда коомдук талкууга чыгарган. Башта ал долбоорду 10-январда президенттик шайлоо менен кошо референдумга коюу сунушталган. Коомчулуктун көптөгөн сын-пикирлеринен кийин референдумга мамлекеттик башкаруу формасын өзгөртүү маселеси гана киргизилген.

Буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдум быйыл апрель айында жергиликтүү кеңештерге шайлоо менен кошо өткөрүлүшү ыктымал экенин билдирген.

Былтыр октябрь окуяларынан кийин өлкөдө бийлик алмашканда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо дайындалып, аны менен кошо Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум 10-январда өттү.

БШКнын расмий жыйынтыгына караганда, референдумда добуш бергендердин 81% президенттик башкаруу формасын колдоду. (TSh)

XS
SM
MD
LG