Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:47

Бөрүбашев: Баш мыйзамдын долбоорунда элдик бийлик күчөтүлдү


Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча иштеп жаткан Конституциялык кеңешме Бишкекте кезектеги жыйынын өткөрүүдө. Конституциялык кеңешменин төрагасы Бекбосун Бөрүбашев алгач Баш мыйзамдагы негизги өзгөртүүлөргө токтолду.

«Баш мыйзамда элдик бийликти колубуздан келишинче күчөттүк. Кантип күчөттүк? Бир-экөөнү айтып берейин. Биринчиси, биз түз шайлоону алып келип жатабыз. Аны өзүңөр окуйсуңар. Экинчиси, коомчулуктун өкүлү болгон элдик курултайдын ыйгарым укуктарын колубуздан келишинче кеңейттик. Андан башка Жогорку Кеңештин депутаттарын чакырып алууну киргиздик», - деди Бөрүбашев.

Конституциялык кеңешме Баш мыйзамдын долбоорунун биринчи варианты иштелип чыкканын былтыр 11-декабрда кабарлаган. Кеңешме долбоордун акыркы варианты иштелип чыккан соң Жогорку Кеңешке жиберүүгө тийиш. Андан кийин парламент аны референдумга алып чыгуу боюнча демилге көтөрүшү мүмкүн.

Негизи, Жогорку Кеңеш Баш мыйзамдын жаңы долбоорун 2020-жылы 17-ноябрда коомдук талкууга чыгарган. Башта ал долбоорду 10-январда президенттик шайлоо менен кошо референдумга коюу сунушталган. Коомчулуктун көптөгөн сын-пикирлеринен кийин референдумга мамлекеттик башкаруу формасын өзгөртүү маселеси гана киргизилген.

Буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдум быйыл апрель айында жергиликтүү кеңештерге шайлоо менен кошо өткөрүлүшү ыктымал экенин билдирген.

2020-жылдын 12-апрелине белгиленген Ош, Токмок, Балыкчы, Каракол, Майлуу-Суу шаардык жана бир катар жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо коронавирус пандемиясына байланыштуу белгисиз мөөнөткө жылып калган эле.

Былтыр октябрь окуяларынан кийин өлкөдө бийлик алмашканда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо дайындалып, аны менен кошо Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум 10-январда өттү.

БШКнын расмий жыйынтыгына караганда, референдумда добуш бергендердин 81% президенттик башкаруу формасын колдоду. (TSh)

XS
SM
MD
LG