Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:23

Жолчулар маянасын доолап нааразылык акциясына чыгышты


Кар көчкүнү тазалоо учуру. Иллюстрациялык сүрөт.
Кар көчкүнү тазалоо учуру. Иллюстрациялык сүрөт.

Жол тейлөө кызматынын жумушчулары Транспорт жана жол министрлигинин имаратынын алдына нааразычылык акциясына чыгышты. Алар айлык маянасын толук жана убагында ала албай жатканын айтууда. Нааразылык билдирип чыккандардын бири Каракол шаарындагы №35 жол тейлөө кызматындагы жолчу Калыбек Өмүрбеков мындай деди:

«Талабыбыз - айлык акыбызды убагында ала албай жатабыз. Анан айлыкты толук бербей пайыз менен бөлүп берип жатып канча сом, кайсы айдыкын алганыбызды билбей калдык. Толук бербей жатышат. Бул маселе өлкө боюнча ушундай».

Жолчунун айтымында, министрликке 100дөй жумушчу келген. Аларга Транспорт жана жол министрлигинин өкүлү жолугуп, жакын арада маселени чечип берүүгө убада берди.

Транспорт жана жол министрлигинин басма сөз кызматы канча жумушчу айлык ала албай жатканы жөнүндө толук маалыматты кийинчерээк берерин билдирди. Министрликке караштуу Жол тейлөө кызматы аймактардагы ички жана эл аралык жолдорду тазалоо, оңдоо иштерин жүргүзөт. (TSh)

XS
SM
MD
LG