Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Февраль, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 15:52

Конституциялык кеңешменин төрагасы президенттин жана парламенттин ролун түшүндүрдү


Президенттик аппарат менен Жогорку Кеңештин имараты. Архив.

Конституциялык кеңешменин төрагасы Бекбосун Бөрүбашев Баш мыйзамдын долбоорундагы президенттин жана парламенттин мамлекеттик башкаруудагы ролу жөнүндө кыскача токтолду. Бөрүбашев долбоордо парламенттин укуктары кыскартылбагынын билдирди.

«Реформа жаңы башталганда коомчулукта «Жогорку Кеңеш байкуш болуп, эч кандай укугу жок калат экен» деп айтып чыгышкан. Жогорку Кеңеш бүт бардык мамлекет бийлик органдарында кадр жана башка маселесине катышат. Ал түгүл Сотторду тандоо кеңешин бекитет. Ал эми президентти аткаруу бийлигинин башына коюп жатабыз. «Жеке өзүнүн башы менен жооп берет» деген жобо турат. «Президентке көп ыйгарым укук кетип калды» деген сөз болуп жатат. Президенттин беш-алты милдети болот. Ал мамлекеттин, аткаруу бийлигинин башчысы, ички-тышкы саясатты аныктайт, Баш мыйзамдын кепилдиги болот, мамлекеттик бийликтин ымалалашып иштешине кам көрөт. Мындай милдеттерди бергенден кийин ошончо ыйгарым укуктарды бердик. Импичмент боюнча кеңейттик, анда «мыйзамды бузса, мамлекеттин башка бийлик бутактарына кийлигишсе» дегендерди кошуп койдук», - деди Бөрүбашев.

Сунушталып жаткан Баш мыйзамдын долбоору боюнча министрлер кабинетинин төрагасы бир эле учурда президенттин аппаратын башкарат.

Бишкекте Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча иштеп жаткан Конституциялык кеңешме кезектеги жыйынын өткөрүп жатат.

Конституциялык кеңешме Баш мыйзамдын долбоорунун биринчи варианты иштелип чыкканын былтыр 11-декабрда кабарлаган. Кеңешме долбоордун акыркы варианты иштелип чыккан соң аны Жогорку Кеңешке жиберүүгө тийиш. Андан кийин парламент аны референдумга алып чыгуу боюнча демилге көтөрүшү мүмкүн.

Негизи, Жогорку Кеңеш Баш мыйзамдын жаңы долбоорун 2020-жылы 17-ноябрда коомдук талкууга чыгарган. Башта ал долбоорду 10-январда президенттик шайлоо менен кошо референдумга коюу сунушталган. Коомчулуктун көптөгөн сын-пикирлеринен кийин референдумга мамлекеттик башкаруу формасын өзгөртүү маселеси гана киргизилген.

Буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдум быйыл апрель айында жергиликтүү кеңештерге шайлоо менен кошо өткөрүлүшү ыктымал экенин билдирген.

Былтыр октябрь окуяларынан кийин өлкөдө бийлик алмашканда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо дайындалып, аны менен кошо Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум 10-январда өттү.

БШКнын расмий жыйынтыгына караганда, референдумда добуш бергендердин 81% президенттик башкаруу формасын колдоду. (TSh)

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG