Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:05

Жапаров: Шылтоо издебей, өз тилибизге кызмат кылалы


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров кыргыз тилин күнүмдүк жашоонун бардык чөйрөсүндө негизги байланыш каражаты катары колдонуу деген ой-тилекке сөзсүз жетүү зарыл деп эсептейт. Бүгүн 23-сентябрда Мамлекеттик тил күнүнө карата куттуктоосунда мамлекет башчысы муну өткөн тарых, азыркы учур жана эртеңки келечек талап кылып жатканын белгилеп, “Мындай асыл максатка жетүүдө бизде саясий эрк да, жалпы элдик колдоо да бар” деп айтты.

Куттуктоосунда Жапаров “Мамлекеттик тилде иш жүргүзүүгө бизге каалоо гана керек. Биз өзүбүз үлгү бололу деп азыркы учурда эне тил маселесине олуттуу мамиле жасап, документтердин баарын мамлекеттик тилде жүргүзүлүшүнө көңүл буруп баштадык. Мындан сырткары, дагы бир топ иш-пландар бышып жетилип турат. Ошондуктан бардык тараптарды ар кандай шарт-жагдайларга шылтоолоп, илгертеден келаткан инерция менен эле иштей берүүнү токтотуп, өз тилибизге, демек, элибизге кызмат кылууга чакырам!” деди.

1989-жылдын 23-сентябрында Кыргызстанда мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзам кабыл алынган. Кыргыз тили мамлекеттик, ал эми орус тили расмий деген макамга ээ. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG