Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:43

Словакияда алданган кыргызстандык айдоочулар


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Словакияда айдоочу болуп иштеген кыргызстандыктар укуктары бузулуп жатканына даттанып, кыргыз бийлигине кайрылды. Ал эми кеңсеси Словакияда жайгашкан Lemond s.r.o. ишканасы айдоочулар жөн жерден ызы-чуу чыгарып жатышканын айтууда.

Кыргызстандык жумушчулар менен жолугуу үчүн аларды бул өлкөгө жиберген компаниянын жетекчиси жөнөп кетти. Бул тууралуу 23-сентябрда Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Арызга кол койгон кыргызстандыктардын айтымында, алардын айрымдары Словакияга ушул жылдын башында, калгандары апрель айында келишкен. Баары тең ушул тапта Евробиримдиктин аймагында оор жүк ташуучу машинелерди айдашат. Алар бул жумушка Бишкектеги “Эдвайс Кей Джи” компаниясы аркылуу орношушкан. Бул үчүн айдоочулар аталган фирманын жетекчиси Аскарали Нышановго ар бири 100 миңден 200 миң сомго чейин беришкенин айтып жатышат. Компания бул суммага айдоочулардын документтерин бүтүрүп, билет алып берүүнү убада кылган.

"Андан тышкары балдар Нур-Cултанга виза алуу үчүн барып-келген жол киресин, консулдук төлөмдөрдүн баарын өздөрү төлөшкөн. Компания болсо баардык чыгашалар биз берген акчанын ичинде болорун айткан эле. Болгону консулдук төлөмдү өзүбүз төлөмөкпүз. Аны баарыбыз далилдеп бере алабыз. Ошондой эле келишимге ылайык, биз Словакияга баргандан кийин айдоочу болуп иштөөгө зарыл баардык документтер бүткүчө көп болсо бир ай күтүп, анан ишке чыкмакпыз",-деди "Азаттыкка" айдоочулардын бири.

Визалары колго тийгенде айдоочулар Словакиядагы Мирослав Бетак жетектеген “Lemond s.r.o” компаниясынын базасына келишет. Ал жактан айдоочулукка уруксат берген кагаздарды 40 күндөн 80 күнгө чейин күтүшөт. Документтери колго тийгендер дароо ишке чыгышат. Башкалары 250-450 евродой компаниядан карызга акча алып күн көрүп турушат.

"Биз Мирослав Бетак менен сүйлөшкөндө ал ишке чыккан биринчи айда күнүмдүк айлыгыбыз 30 евродон, кийинки үч ай 45 евродон төлөнөрүн айткан. Бишкектеги компания менен түзүлгөн келишимге ылайык, жарым жылда эле 70 еврого чейин көтөрүлмөк. Бирок Бетак бизге кетирген чыгымдарын кайтаргандан кийин гана айлыгыбыз көтөрүлөрүн айтты. Бизге Евросоюз ичинде сөзсүз төлөнүүчү айлык эле эмес, сөз кылынган 45 евро да толук төлөнбөй калууда. Келишимди бузуп, айына биздин эмгек акыбыздан 350-400 евро акчаны “документтериңердин чыгашасына” деп кармап жатышат. Аскарали Нышановго кайрылганыбызда, ал "мен жакында элчи болуп барам, барганда баарын чечип берем деп сооротуп келет",-дешти айдоочулар.

Аскарали Нышановго байланышууга мүмкүн болгон жок. Буга чейин 24.kg агенттигине берген комментарийинде 13 кыргызстандыкты Словакияга ишке анын компаниясы жөнөткөнүн айтып, айдоочулардын дооматтарын четке каккан. Нышановдун айтымында, Словакияда кыргызстандыктар туш болгон көйгөйгө анын тиешеси жок.

"Словакияга баргандан кийин айдоочулукка уруксат берген документтерди, медициналык камсыздандыруу алышы керек. Бул үчүн алар баары өзүлөрү төлөшү керек. Адатта мекендештерибиз бул каражатты ишке кирген компаниядан алып турушат, кийин ал ишкана айлыгынан кыскартып коет. Бирок "Эдвайс Кей Джи" Словакияда жаралган маселелерди чечпейт. Бул биздин компетенциябызга кирбейт",-деген Нышанов.

Ал 2020-жылы жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоого "Мекеним Кыргызстан" партиясынын катарында ат салышкан.

"Карыздарын төлөп кете беришсин"

Нышанов ошондой эле ушул күндөрү Словакияга барарын, ал жактан айдоочулардын маселесин чечүүгө аракет кыларын кошумчалаган. Бул маалыматты “Lemond s.r.o” компаниясынын жетекчиси дагы "Азаттыкка" ырастады. Мирослав Бетактын айтымында, ал үчүн айдоочулардын нааразылыгы күтүүсүз болду.

"Алардын баарынын иш келишимдери жакшы болчу. Башкалардай эле иштеп, айлык алышат. Болгону алар келгенде Евробиримдиктин аймагында иштөөгө уруксат берген документтери жок келишкен. Алар документтер даяр болгуча компаниядан карызга акча алышкан. Ошол акчаны компанияга төлөп бүткөндөн кийин башка жакка которула берсе болот. Азыр бул жакка Кыргызстандагы компаниянын жетекчиси, Нышанов мырза келатат. Биз аны менен бирге бул маселени чечкенге аракет кылабыз".

Бетак 15 жылдык тарыхы бар компаниясында ушул тапта жети мамлекеттен келген айдоочулар иштерин, буга чейин мындай маселе болбогонун кошумчалады. Анын айтымында, буга чейин да компаниясында кыргызстандык айдоочулар иштеп келген.

Акыйкатчынын атына арыз жазган кыргызстандыктардын айтымында, алар Бишкектеги "Эдвайс Кей Джи" компаниясына төлөгөн 100-200 миң сомду ар кимден карызга алып төлөшкөн. Эми алар же карызынан кутула албай, ушунча убакыт коротуп, Европадан депортацияланып калуудан кооптонуп турушат.

Алар кыргыз бийлигинен "Лемонд" компаниясынын жетекчиси Мирослав Бетак менен Кыргызстандагы "Эдвайс Кей Джи" фирмасынын башчысы Аскарали Нышановду мыйзам алдында жоопко тартууга, Словакиядагы фирмадан бошотуп, башка фирмага мыйзам чегинде орношууга көмөктөшүүнү суранышкан.

Кыргызстандагы Акыйкатчы институту мигранттардын арызы боюнча чара көрүүнү суранып, Башкы прокуратурага, Тышкы иштер министрлигине кат жөнөткөнү маалым болду.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG