Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:08

Нью-Йоркто Кыргызстан-АКШ кызматташтыгы талкууланды


Солдон оңго: Дональд Лу, Руслан Казакбаев жана Эрик Грин.
Солдон оңго: Дональд Лу, Руслан Казакбаев жана Эрик Грин.

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Нью-Йоркто АКШнын Мамлекеттик катчысынын жардамчысы Дональд Лу жана Кошмо Штаттардын президентинин улуттук коопсуздук боюнча улук жардамчысы Эрик Грин менен жолугушту. Кыргызстандын тышкы саясат мекемеси билдиргендей, тараптар "С5+1" форматындагы министрлер жолугушуусунун жыйынтыктарын, эки тараптуу мамилелердин актуалдуу багыттарын жана аймактагы маселелерди талкуулашты.

Америкалык тарап Кыргызстанга COVID-19га каршы вакцина жагынан кошумча жардам берүүгө, демократиялык институттарды бекемдөөгө колдоо көрсөтүүгө жана башка багыттар боюнча кызматташууга даяр экендигин жарыялады.

Ооган студенттерин Кыргызстанга кабыл алуу ниети оң бааланып, биргелешкен долбоорлорго, айрыкча соода-экономикалык багытка көңүл буруу зарылчылыгы белгиленди жана макулдашуулар жетишилди.

Кыргызстан менен АКШнын өкмөттөрүнүн кызматташтыгы тууралуу макулдашууга 1993-жылы 19-майда Вашингтондо кол коюлган. Бул документти кыргыз өкмөтү 2015-жылдын 21-июлунда бир тараптуу денонсациялаган.

Жаңы макулдашуу даярдалып жатканы үч жылдан бери айтылууда, бирок ага кол коюла элек.

Министр Казакбаев Нью-Йоркко Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын жыйындарына катышуу үчүн барган. Ал бир катар эки тараптуу жолугушууларды да өткөрүүдө.

“С5+1” — АКШнын Борбор Азиядагы беш республика менен кызматташтыгы боюнча аймактык дипломатиялык платформасы. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG