Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:39

Сарвар Турдибоевдин "Жакшы адамдар" аттуу китеби чыкты


"Жакшы адамдар" китеби.
"Жакшы адамдар" китеби.

Жарандык активист, акын Сарвар Турдибоевдин "Жакшы адамдар" аттуу китеби чыкты. Ага автордун жашоодо кезиктирген жакшы кишилер жөнүндөгү эсселери, жарандык жигердүүлүк, ой-толгоо, сүйүү лирикасы багытындагы чыгармалары кирген.

Турдибоевдин ырларынын көбүндө Кыргызстанда коомдук-саясий кырдаалдар, резонанстуу окуялар поэзия менен сүрөттөлөт.

Орус тилинде жарык көргөн китептин бетачары 25-сентябрда Бишкекте өтөт.

Сарвар Турдибоев Лейлек районунда, кыргыз-тажик чек арасындагы аймакта жашайт. Быйыл жазында чек арадагы куралдуу жаңжалда элге гуманитардык жардам жеткирүү, адамдарды тынчтыкка чакырууда жарандык жигердүүлүк көрсөткөн тургундардын бири.

Кесиби - мугалим. Эл аралык уюмдарда көп жыл иштеген. Тынчтык куруучу, жарандык активист катары таанымал. Буга чейин "Атанын багы" деген китеби жарык көргөн.

Сарвар Турдибоев менен маекти "АчыкTime" подкастынан угуңуз:

XS
SM
MD
LG