Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:30

ТИМ Словакияда алданганын айткан кыргызстандык айдоочулар боюнча маалымат берди


ТИМ имараты.
ТИМ имараты.

Словакияда укугу бузулуп жатканын айткан кыргызстандык жумушчулар менен жолугуу үчүн аларды бул өлкөгө жиберген компаниянын жетекчиси жөнөп кетти. Бул тууралуу 23-сентябрда Тышкы иштер министрлиги билдирди (ТИМ).

Мекеменин маалыматына караганда, быйыл жыл башында 13 кыргызстандык тийиштүү уруксат документтеринин негизинде «Эдвайс Кей Жи» компаниясы аркылуу Словакияга иштегени кеткен. Аларга жумуш бере турган транспорттук ишкана тууралуу жана шарттары боюнча бардык маалымат берилген.

“«Эдвайс Кей Жинин» директору Аскарали Нышанов Словакияда жумуш берүүчү ишкана жана кыргызстандык жумушчулар менен түзүлгөн абалды талкуулап, сүйлөшүү жүргүзөт. Маселе Кыргызстандын Австриядагы элчилигинин көзөмөлүндө” деди ТИМдин басма сөз кызматы.

Словакияда айдоочу болуп иштеген кыргызстандыктар укуктары бузулуп жатканына даттанып кыргыз бийлигине кайрылган. Ал эми кеңсеси Словакияда жайгашкан Lemond s.r.o. ишканасы айдоочулар жөн жерден ызы-чуу чыгарып жатышканын айтууда. Арызга кол койгон кыргызстандыктардын айтымында, алардын айрымдары Словакияга ушул жылдын башында, калгандары апрель айында барышкан. Баары тең ушул тапта Евробиримдиктин аймагында оор жүк ташуучу машине айдашат. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG