Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:46

Өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүк программасы иштелип чыкты


Өкмөт үйү.
Өкмөт үйү.

Кыргызстанда 2021-2026-жылдарга карата өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүк программасы иштелип чыкты. Президенттик администрация анын долбоорун бүгүн 23-сентябрда Бишкекте өткөн жыйында тартуулады.

Программада каржылык, экономикалык көрсөткүчтөр боюнча негизги алты максат камтылган.

Ички дүң өнүмдүн орточо жылдык көрсөткүчүн 5% кылуу, анын жан башына карата өсүү көлөмүн 1,5 миң долларга чейин көбөйтүү, жумушсуздук деңгээлин 5 процентке чейин төмөндөтүү, чет өлкөлүк түз инвестициялардын көлөмүн жыл сайын ички дүң өнүмгө карата 15 проценттен кем эмес деңгээлде кармоо деген максат коюлууда.

Мындан тышкары Кыргызстандын негизги дүйнөлүк рейтингдер боюнча көрсөткүчүн 20 баскычка жакшыртуу жана мамлекеттик карыздын көлөмүн 60 проценттен ашырбай кармоо деген пландар да бар.

Кыргызстандын экономикасы быйыл жарым жылдын жыйынтыгында 1,7% төмөндөгөнү расмий айтылган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG